Түгөйлөр эмне үчүн бири-биринин көзүнө чөп саларын эксперттер аныктады

Экспериментке буга чейин ала жипти аттаган 495 киши катышкан
Sputnik

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Кишилер эмне үчүн бири-биринин көзүнө чөп салары аныкталганын "Известия" гезити The Journal of Sex Research басылмасына шилтеме кылып билдирди.

Күйөөм кызгана берип күн көрсөтпөй калды. Канткенде жаным калат?..
Изилдөөчүлөр буга чейин ала жипти аттаган 495 кишиге сурамжылоо жүргүзгөн.

Респонденттердин көпчүлүгү түгөйүн мурдагыдай сүйбөй калгандыктан анын көзүнө чөп саларын айтышкан. Мындай жооптуу сурамжылоого катышкандардын 77 пайызы берген.

Ал эми 74 пайызы өздөрүнүн төшөк кумарын бир аз да болсо өзгөртүп көрүүнү чечишкенин билдиришкен.

Сурамжылоого катышкандардын айрымдары өздөрүнө болгон ишенимди жогорулатуу үчүн ушундай жолго барганын айтышкан.