Ысык-Көлдөгү муктаж үй-бүлөлөргө муфтият кой, буудай жана көмүр таратты

Аймактагы казыяттар жана хатибияттар жакыр адамдарга жардам берип келет
Sputnik

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Ысык-Көл районунун хатибияты тарабынан кайрымдуулук уюштурулуп, Григорьевка айылынын тургуну, оор абалда төшөктө жаткан 8 баланын атасына бир тонна көмүр түшүрүп берилди. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Ата Журтка тийсе экен деп керегим... Элеттиктердин элге жаккан иштери
Ошондой эле айылдагы муктаж адамдарга 22 кап буудай жана 3 кой таратылган.

Андан сырткары, Балыкчы шаарында кайрымдуулук фонду жана жергиликтүү уюм шаардык хатибият менен биргеликте 5 балага жаңы кийим-кече алып берип, 15 үй-бүлөнү көмүр менен камсыздаган.

Ушундай эле кайрымдуулук иши Баткен шаарында өтүп, 20 жакыр үй-бүлөнүн ар бирине 10 каптан көмүр берилди. Келе албаган айрым үй-бүлөлөргө жардамды жеткирип беришкен.