Сооронбай Жээнбеков Дача Судагы кырсыктан жакындарын жоготкон балдар менен жолукту

Президент жакындарын жоготкон балдарга терең кайгыруу менен көңүл айтты
Sputnik

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдын 16-январында Дача Су айылында Boeing-747 жүк ташуучу учактын кулашынан улам туугандарын жана жакындарын жоготкон балдар менен жолугушту. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

1 / 3
Президент Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдын 16-январында Дача Су айылында Boeing-747 жүк ташуучу учактын кулашынан улам туугандарын жана жакындарын жоготкон балдар менен жолугушту
2 / 3
Президент аларга көңүл айтып, бүгүнкү күнгө чейин ошол каргашалуу күнү каза болгондорду жоктоо кайгы-муңу басаңдай электигин белгиледи
3 / 3
Президент менен болгон жолугушуунун соңунда балдар белекке планшет алышты.

Президент аларга көңүл айтып, бүгүнкү күнгө чейин ошол каргашалуу күнү каза болгондорду жоктоо кайгы-муңу басаңдай электигин белгиледи.

"Ал күндөрү бүт өлкөбүз оор жоготууну баштан кечирип жатты. Терең кайгыруу менен дагы бир жолу сиздерге көңүл айтам", — деди Жээнбеков.

Боздогон энелер, үзүлгөн үмүт, эстелик... Учак кырсыгынан каза болгондор эскерилди
Жолугушууда жабыркагандардын атынан сүйлөгөн Венера Шейшенова көңүл буруп, кайгыны тең бөлүшө жардам берген кыргызстандыктарга ыраазычылык билдирди. Муну менен бирге социалдык түйүндөрдө жана жалпыга маалымдоо каражаттарында жабыркагандарга бөлүнгөн акча каражаттары жана гуманитардык жардамдар жөнүндө туура эмес маалыматтар тараган бир катар жагдайларды дагы белгиледи.

Анын айтымында, жабыркагандар өздөрү бир да жолу нааразычылык айткан эмес, анткени алардын бардык кайрылуулары өкмөттүк комиссия тарабынан өз убагында канааттандырылып жатты.

"Жабыркагандар өкмөттүк комиссия менен биргеликте тыгыз иштешти жана биздин бир да маселебиз, бир да көйгөйүбүз чечилбей калган учур болгон эмес. Бардык акча каражаттары, анын ичинде Кыргызстандын кайдыгер эмес жарандары тарабынан чогултулган каражаттар биз каалагандай, биз айткан сунуштарды эске алуу менен бөлүнүп берилди", — деди Шейшенова.

Президент менен болгон жолугушуунун соңунда балдар белекке планшет алышты.

Караанына зар болдук! Авиакырсыктан жакындарын жоготкондордун азыркы жашоосу
Белгилей кетсек, ата-энесинен айрылган балдар: Жакшылык Шералиев, Султан Абакиров, Элайым Райымкулова, Мирлан Нурлан уулу, Эрлан Шаршенбеков, Санжар Урайымов жана Асель Алымбек кызыга атайын улуттук жана чет өлкөлүк валюталык пайыздуу депозиттик эсептер ачылган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде ачылган атайын эсепке чогулган акча каражаттардан бөлүнгөн жана Түркия тараптан компенсация иретинде төлөнүүчү акча каражаттар балдар 18 жашка чыкканга чейин алардын атайын эсебинде сакталат.

Белиглей кетсек, былтыр 16-январда болгон авиакырсыктан жалпысынан 39 киши каза болгон.