Ишкер Нарын облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна Тез жардам унаасын алып берди

Мирлан Исагалиев буга чейин да меценаттык кылып, Балыкчыга гемодиализ борборун ачса, Талас ооруканасына да Тез жардам унаасын белек кылган.
Sputnik

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Нарын облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу 13-январь күнү ишкер Мирлан Исагалиевдин колдоосу менен Тез жардам унаасына ээ болду. Бул тууралуу аймактык кабарчы жеринен билдирди.

Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунаага керектүү медициналык жабдуулар орнотулган. Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун башчысы Мурат Алиаскаров жеке ишкердин белеги бейтаптар, дегеле калк үчүн чоң жардам экенин айтты.

1 / 2
Нарын облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу Тез жардам унаасына ээ болду
2 / 2
Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунаага керектүү медициналык жабдуулар орнотулган.

"Унаалар жетиштүү болгону менен эскилиги жетип калган. Өзгөчө оор абалдагы бейтаптарга ыңгайсыздык жаралчу", — деди ал.

Эскерте кетсек, Исагалиев буга чейин да меценаттык кылып, Балыкчыга гемодиализ борборун ачса,  Талас ооруканасына да Тез жардам унаасын белек кылган.