БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков 2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп белгиледи. Бул тууралуу өлкө башчынын расмий сайтында кабарланды.
Тийиштүү Жарлыкка Жээнбеков 9-январь күнү кол коюп, бүгүн Нарын облусунун эли менен болгон жолугушууда жарыялады.
"2018-жыл региондорду өнүктүрүүнүн системалык өзгөрүшүнүн башталышы болушу керек. Бул бардык бийлик органдарынын жана жарандык коомдун аракетин талап кылат. Жогорку Кеңеш менен өкмөткө аймактарды өнүктүрүү боюнча сунуштамалар берилди", — деди Жээнбеков.
"Айрым учурларда кайсы бир аткаминерлер же чоң кызматта тургандар бюджеттик каражаттарды өзүнүн кичи мекенине жумшап жатышат. Ошол эле маалда кээ бир айыл-кыштактарда таптакыр эле социалдык объектилер салынбай калууда. Биз буга жол бербей, бардык каражаттарды адилеттүү бөлүштүрүшүбүз керек", — деди президент.
Эске салсак, 2017-жыл Ыйман, адеп жана маданият жылы деп жарыяланган.