БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматы автоунааларды эч качан жаңы ээсине мажбурлап каттатпайт. Бул тууралуу ведомствонун Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин директорунун орун басары Усейин Касмалиев Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Акыркы учурларда социалдык тармак колдонуучуларынын арасында "жакынкы арада ишеним кат жоюлуп, ар бир унааны кайра каттоо милдеттендирилет" деген көптер тараган.
"Бул туура эмес маалымат. Унаасын өзүнө каттатып алабы, ишеним кат менен айдайбы — ар кимдин өз эрки", — деди Касмалиев.
Анын айтымында, 2018-жылы унааны каттатуу боюнча бир нече айга созулган "жеңилдик мөөнөтү" берилет.
Маалыматка караганда, учурда унаага ишеним кат алуу орто эсеп менен 700 сомдон 1500 сомго чейин. Кайра каттоого 3000 сомдун тегереги. Үч миң сомдун ичине тарифтик торчонун негизинде жол фондусуна бир пайыздык төлөм кетет, бул орто эсеп менен 1-1,5 миң сомду түзөт. 800 сомдун тегерегинде каттоо күбөлүгү, дагы 800 сомдун тегерегинде мамлекеттик номер алынат.