Жанымда отурган кесиптештериме эгиздерден интервью алып жатканымды айтсам "аял, күйөөлөрүн байкабай алмаштырып албайт бекен?" деп сурап жатышты. Негизи эле эгиздердин жашоосу кызыктуу. Ал эми эгиздерге баш кошкон эгиздер тууралуу билүү андан кызык болот экен. Асан жана Үсөн Токтосуновдор 26 жашта. Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Барпы айылынан болушат. Гүлкыз жана Нуркыз Турдалиевалар 22 жашта. Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Чаңгет айылында туулушкан. Асандын келинчеги — Гүлкыз, Үсөндүн келинчеги — Нуркыз.
— Биринчи ким менен ким таанышкан?
Нуркыз: — "Одноклассники" тармагында отурсам Үсөн достук жиберип калды. Карасам, келбеттүү эле бала экен. Анан достугун кабыл алып, жазгандарына жооп берип жатып сүйлөшүп калдык. Башында эгизи бар экенин билген эмесмин. Бир күнү сүйлөшүп жатсак "эгизим бар" деп калды. Анан мен да айттым. Андан соң бири-бирине номерлерин берип Асан менен Гүлкызды тааныштырганбыз.
— Асан менен Гүлкыз да Москвадан жолугушканбы?
Асан: — Гүлкыз экөөбүздун эң биринчи жолугушуубуз Ош аэропортунда болгон. Москвадан келгенинде тосуп алганы баргам, бул бир чети жолугушуубузга да себеп болгон. Эки жылдан ашуун сүйлөшүп жүрүп, буйрук экен баш кошуп калдык. Өткөн жылдын 29-октябрында үлпөт тоюбузду өткөрдүк. Биздин өзгөчө тоюбузга таң калгандар көп болду.
— Мурда эгиздерге үйлөнсөм же турмушка чыксам деп кыялданчу белеңиздер?
Гүлкыз: — Ооба. Чынында эле биздин ошондой кыялыбыз бар болчу. Жолдошумдун ата-энеси да эгиз кыздарды келин кылууну ниет кылышкан экен. Азыр тилегибизге жеттик деп кубанып отурушат.
— Учурда эмне менен алектенесиздер?
Асан: — Азыр айылда эле чарбалык жумуштар менен. Ал эми келинчектерибиз үй тиричилиги менен алек. Баарыбыз бир үйдө жашайбыз.
— Кээде байкабай күйөө, аялдарыңыздарды алмаштырып алган учур болду беле?
— Силердин окшош жактарыңар көп экен, айырмаланган нерсеңер эмне?
Нуркыз: — Албетте мүнөзүбүздөн, үнүбүздөн жана күлкүбүздөн айырмаланып турабыз. Ошондой эле жүзүбүздө да бир аз айырма бар.
— Баса, калыңды кантип төлөдүңүздөр, экөөнө эки башка бердиңиздерби?
Асан: — Калыңды экөөнө бир эле бердик. Негизи биз жакта калың 100 миң сомдун тегерегинде төлөнөт. Биз деле эл катары экөөнө 200 миң сом бердик.
— Ал эми сеп кандай даярдалды?
Гүлкыз: — Калыңга жараша эле даярдалды да (күлүп).
— Канча бир туугансыздар?
Үсөн: — Биз тогуз бир тууганбыз. Беш уул, төрт кыз. Асан экөөбүз үйдүн эң кичүүсүбүз.
Нуркыз: — Биз жети бир тууганбыз. Беш кыз эки уул. Гүлкыз үчүнчүсү, мен төртүнчүсүмүн.