БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. 15-январдан тарта Бишкекте нур терапиясы менен дарылаган "Бабатрон-2" аппараты иштей баштай турганын Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Индия мамлекети тарабынан белекке берилген аппарат Улуттук онкология жана гематология борборуна коюлмакчы.
"Учурда "Бабатрон-2" орнотулуп бүттү. 15-январдан кийин алгачкы оорулууларга кызмат көрсөтө баштайт", — деп айтылат билдирүүдө.
Жакынкы күндөрү нур терапиясы үчүн заманбап дагы бир аппаратты сатып алуу үчүн тендер жарыяланат.