Валентина Шевченко UFC уюмунун жаңыланган рейтингинде ордун сактап калды

Рейтинг 31-декабрга караган түнү Лас-Вегас шаарында өткөн UFC 219 турнири жыйынтыкталгандан кийин жарыяланган.
Sputnik

БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко өзү ат салышып жаткан UFC (Ultimate Fighting Championship) уюмунун жаңыланган рейтингинде биринчилигин сактап калды. Бул тууралуу аталган уюмдун расмий сайты жарыялады.

Кыргыз спорту бул жылы эмнеси менен эсте калды
Рейтинг 31-декабрга караган түнү Лас-Вегас шаарында өткөн UFC 219 турниринин жыйынтыгынан кийин жарыяланган. Кыз-келиндер арасындагы башкы беттеш чемпиондук кур үчүн ат салышкан жарым жеңил салмактагы бразилиялык Крис Жустино менен америкалык Холли Холмдун ортосунда болду. Калыстардын чечими менен Жустино чемпиондук курун сактап калды.

Жаңы тизмеде абсолюттук чемпион катары мурдагыдай эле бразилиялык Аманда Нуньес турат. Биринчи орунду ата мекендик мушкер Валентина Шевченко ээлейт. Экинчи орунга жеңилүү ызасын тартканына карабай Холли Холм көтөрүлдү. Үчүнчү орунду Джулианна Пенья ээледи, ал буга чейин төртүнчү катарда болчу. Америкалык Ракель Пеннигтон эки баскычка ылдыйлап, төртүнчү орунга жылды. Бешинчи орунда голландиялык спортчу Жермен де Рандами турат.

Кийинки рейтинг Бразиялиянын Белем шаарында өтө турчу UFC Fight Night 125 турниринен кийин жарыяланат. Анда кыргызстандык Валентина Шевченко жаңы салмак категориясында күч сынашмакчы.