Бул жолу Sputnik Кыргызстан агенттиги дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө адамдын ден соолугун чыңдап, өмүрүн сактаган кыргызстандык ак халатчандар тууралуу жазууну эп көрдү.
Рысбек Абдылдаев
Онколог, доктор медицинских наук Рысбек Абдылдаев
© Фото / предоставлено Рысбеком Абдылдаевым
Онколог, медицина илимдеринин доктору, профессор Рысбек Абдылдаев 2000-жылдан тарта Улуттук онкология борборун жетектеп, 2009-жылы атайын чакыруу менен АКШга кеткен. Учурда Калифорния штатындагы "Силикон өрөөнүндөгү" биотехнологилык компаниянын программалык директору.
Руслан Шаршебай
Рентгенолог Руслан Шаршенбай
© Фото / Огузхан Мутлу
Руслан Шаршебай рентгенолог, медициналык билимин Түркиянын Стамбул шаарынан алган. Учурда ошол эле мамлекеттеги Istanbul International Kolan hospital деп аталган ооруканада эмгектенип, ага катар аспирантурада окуп жатат. Медицинага аскер дарыгери кесибин аркалаган атасынын изи менен келгенин айтат. 18 жылдан бери чет жерде жүргөн Руслан "мекенге кайтып, өз жеримде кызмат кылууга убакыт келди" деп эсептейт.
Кубанычбек Алибеков
Стоматолог Кубанычбек Алибеков в Москве
© Фото / Гулдой Исраилова
34 жаштагы Кубанычбек Алибеков кесиби боюнча хирург. Ал Москва шаарында медициналык борбор ачып, мигранттарды дарылап, аны менен бирге кыргыз дарыгерлерин иш менен камсыздаган. Алгач ОшМУнун медицина факультетинде билим алып, 2007-жылы Москва шаарына аспирантурага окууга барган. Кийин ал жердеги ооруканалардын биринде иштеп калган.
Мелис Толтоев
Кыргызстанец Мелис Толтоев
© Фото / Сергей Степанов
Жаш дарыгер Мелис Толтоев дагы Россияда эмгектенет. Учурда Татарск шаардык ооруканасында хурург. Былтыр Новосибирск облусу боюнча өткөрүлгөн "Жылдын мыкты дарыгери" номинациясына көрсөтүлүп, ондогон дарыгерлердин арасынан 3-орунду алган. Өзүнүн айтымында, 130га чукул дарыгер эмгектенген оорукананын жетекчилиги аталган сынакка дал ушул Толтоевди көрсөткөн. 32 жаштагы кыргызстандык дарыгер медицина илимдеринин кандидаты, илимий 40 макаланын жана 5 ойлоп табуунун автору.
Билгун Бадрах
Бишкекский врач Билгуун Бадрах в Эфиопии
© Фото / предоставлено Билгуун Бадрахом
Бишкектик хирург Билгун Бадрах Африканын Ефиопия мамлекетине кеткенине бир жылдан ашты. Ал жакка Кызыл жарым ай коомунун программасы аркылуу барган. Учурда ыкчам хирургия бөлүмүндө иштегени менен травматология боюнча да бейтаптарды кабыл алат. Африкада тажрыйба топтоп, Бириккен Араб Эмирлигине же Европага барып иштөөнү пландоодо.
Ольга Расчупайкина
Бишкектик гинеколог Ольга Расчупайкина Пакистандагы тоолуу айылдардын биринде 7 жыл иштеп келген. Ал өлкөгө жолдошунун жумушу аркылуу барган. Кийин Кыргызстанга кайтып келип, учурда фтизиатрия менен алектенип жүрөт. "Кургак учук менен жабыркагандар көп болгондуктан, аларга жардам көбүрөөк керек" деп эсептейт.
Эркин Орозакунов
Хирург Эркин Орозакунов
© Фото / предоставлено Эркином Орозакуновым
Хирург Эркин Орозакунов декабрь айында Түркияда доценттигин жактады. Негизи түрк жергесине барганына 16 жыл болуптур. 2001-жылы беш жылдык ординатурага тапшырып, 2007-жылдан тарта Анкара университетинин ооруканасында иштеген. Андан соң бир эмес, эки мамлекеттик ооруканада кызмат кылып, акыркы жылдары жеке клиникалардын бирине ишке кирген.