Москванын чок ортосунда эки кабаттуу имарат өрттөнүп, 40 киши эвакуацияланды

© Sputnik / Николай Хижняк / Медиабанкка өтүүУчения МЧС в Краснодарском крае
Учения МЧС в Краснодарском крае - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.02.2021
Жазылуу
Имараттын эски экени айтылды. Өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар министрлиги кырсыктан жабыркагандар жок экенин кабарлады.
БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Москванын чок ортосунда жайгашкан эки кабаттуу имарат өрттөнүп, тилсиз жоо 500 чарчы метр аянтты жалмаган. Бул тууралуу РФтин Өзгөчө кырдаалдар министрлигине таянуу менен РИА Новости жазды.
Кырсык Мясницкая көчөсүндөгү имараттан чыкканы маалым болду. Өрт чектөөгө алынып, 40 киши эвакуацияланган. ӨКМдин маалыматы боюнча жабыркагандар катталган эмес.
Министрликтин тараткан билдирүүсүндө имараттын эски экени айтылат.
Жаңылыктар түрмөгү
0