Путин Россиянын коронавируска каршы вакцинаны каттагандыгын жарыялады

© Sputnik / Алексей Никольский / Медиабанкка өтүүРоссиянын президенти Владимир Путин. Архив
Россиянын президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Путин вакцинанын натыйжалуу иштерин билсе да, тиешелүү бардык текшерүүлөр жасалышы керектигин жыйында дагы бир ирет кайталады.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Президент Владимир Путин Россия дүйнөдө биринчи болуп коронавируска каршы вакцинаны каттагандыгын айтты. Бул туурасында РИА Новости кабарлады.

"Мага берилген маалыматтар боюнча, бүгүн эртең менен дүйнөдө биринчи болуп коронавируска каршы вакцина каттоодон өттү", - деди Путин өкмөттүн жыйынында.

Ал саламаттык сактоо министри Михаил Мурашкону бул туурасында жыйында кененирээк маалымат берүүсүн өтүндү.

"Анын натыйжалуу иштерин билсем да, иммунитетти калыптандырса да, кайталап коеюн, бардык текшерүүлөр жасалышы керек", - деди Путин.

Буга чейин Россия вакциналарды даярдоо ишин активдүү жүргүзүп, ал бир нече адамга сыналган.

Жаңылыктар түрмөгү
0