Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Букуев: бешинчи ирет дүйнө чемпионатына катышсамбы деген кыялым бар

© Sputnik / Жоомарт УраимовЭл аралык футбол федерациясынын калысы Нурдин Букуев
Эл аралык футбол федерациясынын калысы Нурдин Букуев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.10.2021
Жазылуу
Эл аралык футбол федерациясынын калысы Нурдин Букуев калыстык карьерасын жыйынтыктоо боюнча толук кандуу чечимге келе электигин айтты.
Оюнга калыстык кылуу жашоомдун образы болуп калгандыктан жүрөктүн түпкүрүндө дагы бир жолу дүйнө чемпионатына катышсам деген кыялым бар. Мындай пикирин Нурдин Букуев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Букуев: бешинчи ирет дүйнө чемпионатына катышсамбы деген кыялым бар
Анын айтымында, спорттук ишмердүүлүгү тууралуу убагы келгенде белгилүү болот.
"Спорттук карьерамды жыйынтыктоо боюнча бир чечимге келе элекмин. "Дүйнө чемпионатынын финалында калыстык кылды, төрт дүйнө биринчилигине катышты, 25 жылдан ашык калыс болду, спортту жыйынтыктаса болот" дегендер бар. Бирок бул тууралуу ойлонуп көрүш керек. Адам баласы жакшылыкка тойбойт эмеспи. Ички дүйнөмдүн түпкүрүндө бешинчи ирет дүйнө чемпионатына барып келсемби деген кыялым бар. Себеби калыстык жашоомдун образы болуп калгандыктан бул чөйрөдөн алыстагың келбейт экен, — деди Букуев.
Ошондой эле адис Литвада өткөн футзал боюнча дүйнө чемпионатынын финалдык беттешинде башкы калыс болгону үчүн сыймыктанарын кошумчалады.
Белгилей кетсек, Нурдин Букуев 2008-жылы Бразилияда, 2012-жылы Таиландда, 2016-жылы Бразилияда жана 2021-жылы Литвада өткөн футзал боюнча дүйнө чемпионаттарына калыстык кылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0