06:56 03 Бештин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7897
  • EUR96.0031
  • RUB1.1448

Мураталиев: эне сүтү менен ата акылы куштун эки канатындай болушу керек

Радио
Кыскача шилтеме алуу
148 0 0

Кыргыз таануучу, "Бакдөөлөт" коомдук фондунун жетекчиси Мелис Мураталиев учурдагы кыргыз коомунда аталар анчейин баркталбай жатканын айтты.

Азыркы биздин коом эне сүтү деп аны көкүрөккө бекем уюттук. Бул жакшы көрүнүш. Баласы күтүүсүз өлүмгө дуушар болгон учурда да "эне сүтүмдөн кечтим" деп энеси айтат. Бул элге жайылып, колдонулуп жаткан турмуштук учурлардын бири. Бирок ошол эле маалда биз "ата акылы" дегенге анча көңүл бурбай жаткандайбыз. Мындай пикирин Мелис Мураталиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Мураталиев: эне сүтү менен ата акылы куштун эки канатындай болушу керек

Анын айтымында, кыргыздар ар бири коом алдындагы өз укук, милдетин бийик деңгээлде сактап жашоого далалаттанышкан.

"Ата-бабаларыбыз өз коому, элинин алдындагы укук, милдеттерине терең көңүл буруп, жоопкерчилик менен мамиле кылган. Бул азыркы замандагы кызматтык милдеттер эмес, айталы, ошол эле уулдук, аталык, күйөөлүк, достук жана башка кадимки жашоодогу парздары. Күн менен түн, жарык менен караңгы деген сыяктуу эле бардык нерсенин жубу болот деген түшүнүктү көкүрөгүнө бекем уюткан кыргыз коомчулугу эне сүтү менен катар эле ата акылын да барктап, баалашкан. Куштун кош канатындай болуп бул эки түшүнүк дайыма бирге жүргөн. Башкача айтканда, ата менен энени бөлүп урмат көрсөтүү кыргыз баласы үчүн жат көрүнүш болгон. Азыркы учурда, тилекке каршы, мына ушул "ата акылы" деген түшүнүккө анча маани бербей келебиз. Албетте, буга биринчи кезекте аталар өзүбүз күнөөлүбүз. Анткени жоопкерчиликтүү боло албай калдык. Балаңа же жаш муунга акылдуу ата болордон мурда сен ошол акылды өзүңө сиңиришиң керек. Бул түшүнүктү биринчи кезде жеке укугу катары эмес, милдети катары кабыл алып, олуттуу мамиле жасашы керек. Ошондо гана эл арасында ата кадыры жогорулайт", — деди Мураталиев.

Ал муну менен катар эле карыялык милдет да учурдагы коомдо анча аткарылбай келерин кошумчалады.

Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз:

Тема боюнча

Мураталиев: аксакал — бул наам, жаш курак эмес
Белгилер:
Мелис Мураталиев, ата, милдет, укук

ЭҢ МААНИЛҮҮ