Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Надыров: Бишкек жарым марафонунун онлайн катышуучулары да болот

© Sputnik / Табылды КадырбековЭл аралык марафон дирекциясынын төрагасы Мелис Надыров
Эл аралык марафон дирекциясынын төрагасы Мелис Надыров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.09.2021
Жазылуу
Эл аралык марафон дирекциясынын төрагасы Мелис Надыров 19-сентябрда борбор калаада Бишкек жарым марафону өтөрүн айтты.

Бишкек жарым марафонунда скандинавиялык жөө жүрүш боюнча дагы жарыш өтөт. Ага төгөрөктүн төрт бурчунан онлайн катышса болот. Бул тууралуу Мелис Надыров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Надыров: Бишкек жарым марафонунун онлайн катышуучулары да болот

Анын айтымында, аталган жарым финалга ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар да катышат.

"Бишкек жарым марафону ушул жылдын 19-сентябрында борбор калаада өтөт. Жайыл баатыр көчөсүндө жайгашкан "Газпром" спорттук комплексинен таңкы саат 8:00дө старт алат. Жалпысынан 2000 адамга ылайыкташкан. Катышууну каалагандар билдирүүлөрүн калтырышты. Соңку каттоо 18-сентябрь күнү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда жүрөт. Бул марафондо скандинавиялык жөө жүрүш боюнча да жарыш каралган. Анткени спорттун бул түрү учурда өлкөдө пропагандалоо этабында турат. 2018-жылдан бери калкка кенен жайылып, машыккандардын 60 пайыздайын улуу муун түзөт. Өздөрүнүн инструкторлору бар. Марафон алкагында дал ушул скандинавиялык жөө жүрүштү онлайн да өткөрүүнү мерчемдеп жатабыз. Ал үчүн катышуучулар өз өлкөсүндө же шаар, айылында туруп, белгилүү бир аралыкка басып, аны видео, сүрөттөр менен тастыктап, бизге жибериши шарт. Андан соң биз "Бишкек жарым марафонунун катышуучусу" деген баштык ыйгарабыз. Учурда Казакстандан катышууну каалагандар кайрылышты", — деди Надыров.

Ал ошондой эле өлкөдө скандинавиялык жөө жүрүш менен көбүнесе орто жаштан өтүп калган аялдар машыгарын кошумчалады.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0