Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Исакова: мектеп каникулдары да эки жумага жылат

© Sputnik / Табылды КадырбековГлавный специалист Управления образования мэрии Бишкека Чынара Исакова
Главный специалист Управления образования мэрии Бишкека Чынара Исакова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.09.2021
Жазылуу
Бишкек шаардык мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Чынара Исакова 2021-2022- окуу жылында мурдагыдан бир топ айырмачылыктар бар экенин айтты.

Быйыл окуу жылы 15-сентябрдан башталгандыгына байланыштуу күзгү, кышкы жана жайкы каникулдар да эки жума артка жылат. Бул тууралуу Чынара Исакова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Исакова: мектеп каникулдары да эки жумага жылат

Анын айтымында, мындай иш графиги менен акыркы коңгуроо салтка айлангандай 25-майда эмес, июнда өтүп калат.

"Пандемия учурунда 1,5 жыл балдар онлайн окууга мажбур болушту. Быйыл реалдуу режимде окууга өтүп, окуучулар кубанып турушат. Бирок жылдагыдан айырмаланып окуу жылы 15-сентябрдан, тагыраак айтканда, эки жумага кеч башталды. Демек, белгиленген каникулдар, анын ичинде жайкы каникул дагы эки жумага артка жылат. Анткени биз мектеп программасын толук окуп бүтүшүбүз керек", — деди Исакова.

Педагог мындай эрежеге өтүү үчүн бир топ иштер аткарылышы керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0