17:21 20 Тогуздун айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7931
  • EUR98.5847
  • RUB1.1933

Мукамбетов: пенсияны жогорулатуу үчүн үч айга 985 млн. сом жумшалат

Радио
Кыскача шилтеме алуу
181 0 0

Социалдык фонддун Коомчулук жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен иш алып баруу башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Мукамбетов пенсияны жогорулатууга республикалык бюджеттен 154,3 миллион сом сарпталарын айтты.

Октябрь, ноябрь, декабрь айлары үчүн пенсионерлерге Пенсиялык фонддон 836,6 миллион сом бөлүнөт. Мындай маалыматты Жеңишбек Мукамбетов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Мукамбетов: пенсияны жогорулатуу үчүн үч айга 985 млн. сом жумшалат

Анын айтымында, бир айлык пенсияны төлөөгө бюджеттен 4 миллиард 210 миллион сомдун тегерегинде акча жумшалат.

"Азыркы учурда өлкөдө 710 миңдей пенсионер бар. Алардын орточо пенсиясынын өлчөмү 5800 сомдун айланасында. Бул көрсөткүчтү жогорулатуу үчүн республикалык бюджеттен ушул жылдын октябрь, ноябрь, декабрь айларына 154,3 миллион сом каралып жатат. Ал эми Пенсиялык фонддун эсебинен 836,6 миллион сом алынса, жалпылап алганда 985 миллион сом акча жумшалат. Кийинки жылда да бул сумма көтөрүлөт. Пенсияны бир айлык каржылоого 4 миллиард 210 миллиондун тегерегинде акча кетсе, 2021-жылдын башынан август айына чейин 33 миллиард 200 миллион сомдой төлөндү", — деди Мукамбетов.

Ошондой эле адис пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоонун жыйынтыгы менен жалпы пенсиянын орточо көлөмү 6 248 сом болорун кошумчалады.

Тема боюнча

Жапаров өкмөткө октябрдан тарта пенсияны жогорулатууну тапшырды
Белгилер:
Жеңишбек Мукамбетов, Социалдык фонд, пенсия, жөлөк пул

ЭҢ МААНИЛҮҮ