Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Марс уулу: эми имараттарга энергоаудит жүргүзүлөт

© Sputnik / Табылды КадырбековАрхитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин өкүлү Айтбек Марс уулу
Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин өкүлү Айтбек Марс уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.08.2021
Жазылуу
Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин өкүлү Айтбек Марс уулу 2011-жылы имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө мыйзам кабыл алынганын айтты.

Өлкөдө энергоаудит жүргүзүлө баштайт. Ал үчүн 18-июндан баштап көз карандысыз эксперттер кабыл алынууда. Бул тууралуу Айтбек Марс уулу Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Марс уулу: эми имараттарга энергоаудит жүргүзүлөт

Анын айтымында, 2020-жылы адистерди сертификациялоо боюнча өкмөттүн тартиби бекитилген.

"2011-жылы имараттардын энергетикалык натыйжалуулугу жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Анын негизинде 2020-жылы тийиштүү адистерди сертификациялоо боюнча өкмөттүн тартиби бекитилди. Ошого ылайык 18-июндан тарта курулуш жаатында беш жылдан кем эмес тажрыйбасы бар, тиешелүү талаптарга туура келген адистерди кабыл алуу башталды. Алар тест тапшырып, аккредитациядан өткөндөн кийин курулуп жаткан же курулган имараттарга энергоаудит жүргүзөт. Анын натыйжасы менен имараттарга тийиштүү документ берилет. Анда энергияны сарамжалдуу пайдалануу боюнча толук мүнөздөмө жазылат. Эгерде жылуулук сарптоо, жалпы эле энергиялык сарамжалдуулук жаатында кемчиликтер болсо, эксперттер өз сунуштарын берет. Анын негизинде "В" классы берилет. Мыйзам боюнча, Кыргызстандагы бардык курулуштар дал ушул класска жооп бериши керек. Андан жогору "А" классы бар, ага жетүүгө аракет көрүлөт", — деди Марс уулу.

Ошондой эле ал көз карандысыз эксперттерди аккредитациядан өткөрүү үчүн 150дөн ашык суроодон тест түзүлгөнүн кошумчалады.

Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүздөр:

Жаңылыктар түрмөгү
0