Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Мамбеталиева: Алтай цивилизациясынын туристтик потенциалы чоң

© Sputnik / Асель СыдыковаТуризм боюнча эксперт Айша Мамбеталиева
Туризм боюнча эксперт Айша Мамбеталиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.08.2021
Жазылуу
Туризм боюнча эксперт Айша Мамбеталиева "Алтай цивилизациясы" долбоору боюнча туристтик карта түзүүдө мамлекеттердин административдик органдарын күтүп отура берүүнүн зарылчылыгы жок экенин айтты.

"Алтай цивилизациясы" долбоорунун туристтик потенциалы абдан чоң. Улуу Жибек Жолу сыяктуу эле дүйнөлүк брендге айландыруу мүмкүнчүлүгү бар. Мындай пикирин Айша Мамбеталиева Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Мамбеталиева: Алтай цивилизациясынын туристтик потенциалы чоң

Анын айтымында, аталган багыт боюнча туризм өнүксө Кыргызстан, Казакстан жана Монголия долбоордун ордосу болуп бере алат.

"Алтай цивилизациясын туристтик бренд катары иштеп чыкса болот. Бул үчүн анын курамына географиялык, маданий, тарыхый жактан кирген өлкөлөрдүн жетекчилеринин чечимин күтүп отура бербей, аталган жаатта тажрыйбалуу адамдар биригип, жумушчу топ түзүп ишти баштай бериши керек. Мурда пандемияга чейин саякатчылар ыңгайлуу жерге келип, жакшы уктап, даамдуу тамактанып кеткенди тандашчу. Азыр эми эсте каларлык жерлерди көрүп, сезимдерин байытып кете тургандай туристтик пакеттерге басым жасашууда. Ошону менен катар эле саламаттыкка кам көрүү максатында таза аба, нукура тамак-ашты камтыган аймактарга кызыгуу артууда. Андыктан Алтай цивилизациясын туристтик бренд катары колдонуп, дүйнөлүк деңгээлге чыгарууга мүмкүнчүлүктөр кенен. Мисалы, Улуу Жибек Жолу туристтик маршруту жыл сайын дүйнө жүзү боюнча саякаттаган туристтердин 26,5 пайызын өзүнө тартат экен. Бул миллиондогон саякатчы дегенди түшүндүрөт. Мына ушундай эле деңгээлге Алтай цивилизациясы да чыга алат", — деди Мамбеталиева.

Ал "Алтай цивилизациясы" долбоорун туристтик бренд катары өнүктүрүүдө кескин чече турган маселелердин бири чек ара экендигин кошумчалады.

Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз:

Жаңылыктар түрмөгү
0