Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Нурматов: эмделгенден кийин тест вирус көрсөтсө, ага вакцинанын тиешеси жок

© Sputnik / Табылды КадырбековВирустарды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий-практикалык борбордун жетекчиси, медицина илимдеринин доктору, профессор Зуридин Нурматов
Вирустарды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий-практикалык борбордун жетекчиси, медицина илимдеринин доктору, профессор Зуридин Нурматов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.08.2021
Жазылуу
Вирустарды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий-практикалык борбордун жетекчиси, медицина илимдеринин доктору, профессор Зуридин Нурматов коронавируска каршы эмделгендер тесттен өткөндө вирусту эмнеге көрсөтөрүн түшүндүрдү.

Коронавируска каршы эмдөөдөн өткөндөн кийин ПЦР-тесттин организмде вирустун бар экенин көрсөтүшү вакцинация менен эч кандай байлынышы жок. Бул тууралуу Зуридин Нурматов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Нурматов: эмделгенден кийин тест вирус көрсөтсө ага вакцинанын тиешеси жок

Анын айтымында, эмдөөнүн биринчи же экинчи баскычынан кийин деле коронавирус жугуп калуу ыктымалдуулугу бар.

"Азыр көпчүлүк эмдөөнүн биринчи баскычынан кийин ПЦР-тест тапшырсам организмимде вирустун бар экенин көрсөттү деп айтып жатышат. Мындай учур экинчи баскычтан кийин деле болушу ыктымал. Мунун вакцинага эч кандай тиешеси жок. Башкача айтканда, вакцина алгандан кийин антитело пайда болгончо тест тапшырса организмде коронавирус бар деп чыгарбайт. Бул болгону адам ошол вакцина алган аралыкта жуктуруп алган дегенди түшүндүрөт. Ал эми оорунун симптомдору такыр билинбей же бир аз гана сезилгени, биринчиден, организмге байланыштуу. Экинчиден, адамдын канча көлөмдө вирус жуктуруп алгандыгы маанилүү. Ошондой эле эгер организмде антитело пайда болуп баштаса да оору жеңил өтүп кетет. Муну менен биз вакцина алган учурда да вирус жугуп калышы мүмкүндүгүн жана жукса да жеңил өтөрүн билсек болот", — деди Нурматов.

Окумуштуу жарандарды чочулабай эле коронавируска каршы эмдөөдөн өтүп коюуга чакырды.

Подкасттын толук варианттын видеодон көрүңүз:

Жаңылыктар түрмөгү
0