Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Айдаралиев: экспорт менен ЕАЭБде атаандаштык жарата албайбыз

© Sputnik / Асель СыдыковаДиректор федерации органического движения "BIO-KG" Искендер Айдаралиев
Директор федерации органического движения BIO-KG Искендер Айдаралиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.06.2021
Жазылуу
Bio-KG органикалык кыймыл федерациясынын жетекчиси Искендербек Айдаралиев өлкөдө өндүрүлгөн продукцияны экспорттоодо көлөм жагынан биримдикте атаандаштык жаратуу кыйын экендигин айтты.
Казакстан, Өзбекстан, Беларусь ЕАЭБ рыногуна ири көлөмдөгү продукция чыгарат. Мындай маалыматты Искендербек Айдаралиев Спутник Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Айдаралиев: экспорт менен ЕАЭБде атаандаштык жарата албайбыз
Анын айтымында, ЕАЭБ өлкөлөрүндө кайра иштетүү жолго коюлуп, экономиканын өсүшүнө шарт түзүүдө.
"Өндүрүлгөн продукциянын көлөмү менен ЕАЭБ рыногунда атаандаштык жарата албайбыз. Анткени Казакстан, Өзбекстан, Беларустун экспорту арбын. Мындан тышкары, ал өлкөлөрдө кайра иштетүү жолго коюлуп, экономиканын өсүшүнө шарт түзүүдө. Биздеги жакшы мүмкүнчүлүктөрдүн бири — органикалык, экологиялык таза азык-түлүк, биз ушуну менен алдыга чыксак болот. Бул багытта маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылып, дыйкандарды окутууга көңүл бурушубуз керек. Чет өлкөлүк кардарлар аз көлөмдө сурабайт. Демек, таза азык-түлүктүн көлөмүнө басым жасоо зарыл. Ал үчүн бул тармактагы системаны өзгөртүү керек. Мисалы, жеке ишканаларды бириктирип, көлөмдү аныктай турган жолун караш керек. Ага байланыштуу "Органикалык аймак" деген долбоорду ишке ашырып жатабыз. Органикалык идеянын айланасында фермерлерди бириктирүүгө мүмкүн болду", — деди Айдаралиев.
Ошондой эле адис туура жер иштетүү боюнча окутууларды уюштуруп, жакшы жыйынтыкка жетсе болорун кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0