08:07 29 Теке 2021
Түз эфир
  • USD84.6655
  • EUR100.1043
  • RUB1.1502

Кулумбетов: жарыктандырууга кеткен чыгымды 80%га чейин азайтуу мүмкүн

Радио
Кыскача шилтеме алуу
39 0 0

KyrSEFF туруктуу энергияны каржылоо долбоорунун инженери Жаныбек Кулумбетов энергияны туура пайдалануу аркылуу үй-бүлөдөгү, өндүрүштөгү, бизнестеги чыгымдарды азайтып койсо болорун айтты.

Суу азайып, энергия жетпей калган учурда гана көйгөйдү көтөрбөй, алдын алуу иштерин жүргүзүү маанилүү. Мындай пикирин Жаныбек Кулумбетов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Кулумбетов: жарыктандырууга кеткен чыгымды 80%га чейин азайтуу мүмкүн

Анын айтымында, электр энергиясын заманбап технологияларды колдонуу аркылуу үнөмдөп, үй-бүлөлүк чыгашаны азайтып, мамлекетке жардам берүү абзел.

"Тилекке каршы, энергия жетпеген жагдай түзүлгөндө гана көйгөйдү көтөрүп чыгабыз. Энергияны туура пайдалануу аркылуу үй-бүлөдөгү, өндүрүштөгү, бизнестеги чыгымдарды азайтып койсо болот. Ошондуктан мамлекет тарабынан айтылган эскертүүлөргө алдын ала камдануу керек. Анын эң жөнөкөй жолу — жарыктандаруу мүмкүнчүлүгүн туура камсыз кылуу. Биз көбүнесе салттуу түрдө чыңалуу лампасын пайдаланабыз. Эгер энергияны үнөмдөөчү лампаларды колдонсок, көп жагынан утуш болот. Мисалы, Майлы-Суудан чыккан лампалар азыркы шартка толугу менен жооп берет. Эксперттердин изилдөөсү боюнча, жарыктандырууга кеткен чыгымды 80 пайызга чейин азайтуу ыктымалдуулугу бар. Мындан тышкары, өнөр жайда, коммерциялык жана бюджеттик мекемелердеги жарыктандырууга эле өтө көп электр энергиясы сарпталат. Аларды туура жолго салып, энергияны үнөмдөй турган лампаларды койсок бир топ ийгиликке жетсек болот", — деди Кулумбетов.

Ошондой эле адис 5-10 жылда бир жолу суунун көлөмү азайып, бир катар көйгөйлөрдү жаратарын кошумчалады.

Тема боюнча

Үнөмдөгүлө! Бийлик кышында электр энергия тартыш болорун элге эскертти
Белгилер:
энергетика, электр энергиясы, Жаныбек Кулумбетов

ЭҢ МААНИЛҮҮ