Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Саткынов: нодулярдык дерматит чымын-чиркей аркылуу жугат

© Sputnik / Табылды КадырбековРуководитель районного управления по ветеринарной и фитосанитарной безопасности Дайыркул Саткынов
Руководитель районного управления по ветеринарной и фитосанитарной безопасности Дайыркул Саткынов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.04.2021
Жазылуу
Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Эпизоотияга каршы иштерди көзөмөлдөө башкармалыгынын башкы инспектору Дайыркул Саткынов быйыл малды эмдөөгө 127 миллион мерчемделип, бирок 86 миллион сом бөлүнгөнүн маалымдады.
Соңку эки жылда өлкөдө шишик дерматити (нодулярдык дерматит) деген ылаң катталып, быйыл ага каршы вакцина сайыла баштады. Бул тууралуу Дайыркул Саткынов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Саткынов: нодулярдык дерматит чымын-чиркей аркылуу жугат
Анын айтымында, бул эмдөө мал ээлеринин эсебинен жүргүзүлүүдө.
"Быйылкы жазда шишик дерматитине каршы эмдөө жасалууда. Бул ылаң мурда өлкөдө жок болчу. Соңку эки жылда кездеше баштады. Ал чымын-чиркей аркылуу тарайт. Бул оору Казакстандын ысык аймактарынан келди. Ошондуктан буга каршы эмдөө эки жылдан бери жүргүзүлүп келет. Бирок бул эмдөө мал ээсинин эсебинен жасалууда. Себеби кара сан, шишик дерматити, котур, сайгак, окура ылаңдарына каршы эмдөө мамлекет тарабынан каржыланбайт. Негизинен өкмөттүн 2006-жылдагы токтомуна ылайык, 22 ооруга каршы эмдөө мамлекет тарабынан каржылана турганы айтылган. Учурда шарп, бруцеллез, кыргын, күл ылаң сыяктуу жалпы тогуз гана илдетке каршы вакцина республикалык бюджеттен каржыланууда. Бюджеттин кудурети ошого гана жетүүдө", — деди Саткынов.
Ошондой эле ал бекер берилген вакциналарды сайган ветеринардын кызмат акысын мал ээлери төлөй турганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0