Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Мамбетов: жүндүн баасы көтөрүлбөсө меринос кой багуу пайдасыз

© Sputnik / Табылды КадырбековНаучный сотрудник Национальной академии наук Талант Мамбетов
Научный сотрудник Национальной академии наук Талант Мамбетов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.03.2021
Жазылуу
Улуттук илимдер академиясынын илимий кызматкери Талант Мамбетов эгемендүүлүк жылдары уяң жүндүү койдун тукумун көбөйтүү үчүн өлкөдө бир топ аракеттер көрүлүп келгенин маалымдады.
Уяң жүндүү кой багууну өнүктүрүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүлбөй жатат. Бул тууралуу Талант Мамбетов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Мамбетов: жүндүн баасы көтөрүлбөсө меринос кой багуу пайдасыз
Анын айтымында, өлкөдө жүн багытындагы койду багуу үчүн мыйзамдар туура эмес болуп, жүндүн наркы арзандап, пайда бербей калган.
"Бир койду багуу үчүн жылына 3000 сомдой чыгым кетет. Союз кезинде туут январь-февралда уюштурулуп, ал үчүн бардык шарттар түзүлчү. Азыр андай мүмкүнчүлүк жок, кашар тургай үйдү жылытуу оор болуп калды. Натыйжада койдун төлдөгөн учуру жазга жылдырылган. Мындай жагдайда уяң жүндүү ак койлордун козулары күзгө чейин тыңыбайт. Ал эми кара козулар табиятынан чымыр болуп, бат эле ирденип кетет. Ошондуктан адамдар кара койду багууга көбүрөөк кызыгууда. Себеби анын рентабелдүүлүгү жакшы болуп, эт багытында пайдалуу. Ал эми уяң жүндүү ак койду багуу үчүн өлкөдө жүндүн баасы кеминде 300 сомдон кем болбошу керек. Ошондо өзүн актап, жарандар багууга кызыгат", — деди Мамбетов.
Ошондой эле ал асыл тукумдуулукту өнүктүрүү үчүн мыйзамдар бар экенин белгилеп, бирок алар иштебей жатканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0