13:57 09 Бугу 2021
Түз эфир
  • USD84.7724
  • EUR102.4644
  • RUB1.1435

Вирусолог: Sars-cov-2 вирусу 12 000 түрдүү болуп өзгөрдү

Радио
Кыскача шилтеме алуу
80 0 0

Вирустарды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий-практикалык борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов бишкектиктердин 50 пайызынан антитело табылгандыгын айтты.

Sars-cov-2 вирусу пайда болгондон бери 12 000 түрдүү өзгөрүүгө дуушар болду. Британ штаммы деп тарап жатканы ошонун бири гана. Бул тууралуу Зуридин Нурматов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Вирусолог: Sars-cov-2 вирусу 12 000 түрдүү болуп өзгөрдү

Анын айтымында, коронавирусту жуктуруп алуу коркунучу желдетилбей турган бөлмөлөрдө көбүрөөк болот.

"Британ штаммы Кыргызстанга так бул учурда келип калышы мүмкүн деген божомолду бере албайбыз. Ал, балким, азыр деле арабызда жүргөндүр. Алтургай учурда коронавирустун канча штаммы өлкөдө жүргөнүн да тактай албайбыз. Анткени бизде тиешелүү лабораториялар жок. Кезегинде келген гранттардын эсебинен куруу мүмкүнчүлүгү жаралганда коомчулукка "вирус таратат экен" деген туура эмес маалыматтар жайылып кетип, курулбай калган. Азыркы учурда илимде Sars-cov-2 деп, эл оозуна COVID-19 аталышы менен белгилүү болгон вирустун 12 миң түрү аныкталды. Бул штамм болгонго жете элек, бирок бири-биринен айырмаланган түрлөрү. Мындай көрүнүш вирустун жашоого болгон күрөшүнөн, адамдар чөйрөсүнө ылайыкташып жаткандыгынан кабар берет", — деди Нурматов.

Ал иликтөөлөргө ылайык, Бишкек тургундарынын 50 пайызынан, Баткен облусунун жашоочуларынын 13 пайызынан антитело табылгандыгын, бул дагы көп сандагы адамдар вирус менен бет келише электигинен кабар берерин кошумчалады.

Тема боюнча

Нурматов: вирус жуккандардын саны боюнча Кытай менен теңелип калдык
Белгилер:
илим, жоопкерчилик, калк, коронавирус, Зуридин Нурматов

ЭҢ МААНИЛҮҮ