Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Мамашов: жол салууга тоскоол болгон объектилерди сатып алабыз

© Sputnik / Асель СыдыковаКапиталдык курулуш башкармалыгынын жолдор боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Темир Мамашов
Капиталдык курулуш башкармалыгынын жолдор боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Темир Мамашов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.02.2021
Жазылуу
Капиталдык курулуш башкармалыгынын жолдор боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Темир Мамашов жол салууга же кеңейтүүгө тоскоолдук жаратып, жылдырыш керек болгон объектилер аталган башкармалык тарабынан сатып алынарын айтты.
Мамашов: жол салууга тоскоол болгон объектилерди сатып алабыз
2020-жылы биринчи фазада калып калган Лев Толстой көчөсү толук жасалып бүттү. Пандемиядан улам көп иштер аткарылбай калды. Өткөн жылдын аягындагы түзүлгөн келишим боюнча Жайыл баатыр, Сухэ Батор жана Манас көчөлөрүнүн жолдору жаңыдан курулат. Ошондой эле бул этапта беш жаңы көпүрө салынары мерчемделген. Бул тууралуу Темир Мамашов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Бишкектин жолдору 50 миң эле унаага ылайык болгонуна карабай, учурда автотранспорттун саны 500 миңге чыкты.
"Борбор калаада 1400 чакырым жол бар. Башында 50-100дөй чакырым жол оңдолгон эле. Андан соң жолдун 90 пайызы талкаланып баштагандан кийин өкмөт Кытай менен келишим түзүп, анда оңдоп-түзөө, куруу иштери үч этапка бөлүнгөн. Биринчи этап 2016-жылы башталып, 95 чакырым жол оңдолду. Учурда экинчи фаза башталып, 2020-жылы сентябрь айында келишимге кол коюлуп, алты көчөдө иштер башталып, кышында токтоп турган. Азыр марттын он бешинен тартып жумуштар жанданганы турат. Бул жумушка 278 миллион юань бөлүнгөн. Мында 60 пайыз шаар ичиндеги, калганы конуштардагы жолдор каралган. 2022-жылы сентябрда бүтүшү керек. Үчүнчү фазанын долбоору иштелүүдө. Анда автотыгынды азайтуу үчүн экинчи, үчүнчү деңгээлдеги асма жолдорду курууну көздөп жатабыз. Көпүрөлөр унаа эң көп болгон Чүй — Фучик жана Бах — Лев Толстой көчөлөрүнө салынат. Учурда сметасы эсептелип, долбоор каралып жатат. Бүткөн соң ушул жылдын аягында тендер өткөрүлөт. Бул жылы 43 көчө реконструкцияланат. Ал эми 2022-жылы 17 көчө бүткөрүлөт", — деди Мамашов.
Ал Ахунбаев көчөсүнүн Байтик баатырдан Жукеев-Пудовкинге чейинки бөлүгүнө дагы бир жол тилкесин кошуп кеңейтүүнү пландап жатышканын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0