14:00 20 Чын Куран 2021
Түз эфир
  • USD84.7933
  • EUR101.9682
  • RUB1.1121

Мамбеталиева: сатылып жаткан дарылардын 3%ы гана өзүбүздөн чыгат

Радио
Кыскача шилтеме алуу
10

Дары каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин директорунун орун басары Чынара Мамбеталиева жергиликтүү фармацевтикалык өндүрүштү көтөрүү үчүн аракеттер көрүлүп жатканын айтты.

Мамбеталиева: сатылып жаткан дарылардын 3%ы гана өзүбүздөн чыгат

Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамы бар. Анын негизинде препараттар мамлекеттик каттоодон өтүп, колдонууга уруксат алат. Бул тууралуу Чынара Мамбеталиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанга дары-дармектин 30 пайызы Россиядан алып келинсе, 9,5 пайызы Индиядан, 8 пайызы Германиядан, 5,6 пайызы Түркиядан, 3 пайызы Кытайдан жана 2,5 пайызы Казакстан менен Украинадан келет.

"Кыргызстандын ички дары-дармек рыногу импорттон көз каранды. Себеби өлкөбүздө дарынын үч пайызы гана чыгарылса, калганы чет мамлекеттен импорттолот. 2020-жылдын 31-декабрына карата алынган маалымат боюнча, өлкөбүздө 6260 дары каражаты катталган. Анын 556сы Кыргызстанда өндүрүлөт. 2011-жылдан баштап "Биовит" фармацевтикалык заводу 80ге жакын аталыштагы дары чыгарат. "Идеал-Фарм" спирт, "АЮ Фарм" галендик препараттарды (настойкалар, экстракттар) жана "Фарма Нур" да эркин экономикалык рынокко медикаменттерди чыгарып жатат", — деди Мамбеталиева.

Адис мамлекеттик каттоодон өткөн медикаменттерге беш жыл колдонууга уруксат берилерин кошумчалады.

Тема боюнча

Кыргызбаев: өлкөдө коронавируска каршы эмдөө ыктыярдуу жүргүзүлөт
Белгилер:
вакцина, дары, сертификациялоо, Чынара Мамбеталиева

ЭҢ МААНИЛҮҮ