Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Акимова: соттор бюджетти толтурууга өбөлгө түзөбүз деп адилетсиз чечим чыгарат

Жазылуу
Экономист Нургүл Акимова учурдагы экономикалык кризистен чыгуу үчүн саясий туруктуулук камсыздалышы зарыл экендигин белгиледи.
Акимова: соттор бюджетти толтурууга өбөлгө түзөбүз деп адилетсиз чечим чыгарат
Мамлекеттик органдар ишкерлерди сотко берсе, көп учурда чечим ишкердин пайдасына чечилбейт. Себеби соттор мамлекеттик бюджетти толтурууга өбөлгө түзүшүбүз керек деген ниетте адилетсиз чечим чыгарып коюусу ыктымал. Бул тууралуу Нургүл Акимова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, экономиканы калыбына келтирүү үчүн жумуш орундары түзүлүп, инвестициялык климат жакшырышы керек.
"Салык төлөөчүлөр жеке менчик ишканалардын ичинде бардык салыктарды төлөп, ак ниет иштегендери менен кошо эле жашырынып, көмүскө иш алып баргандары да жок эмес. Бирок мамлекет өзү кызыктай "парадоксторду" жаратат. Алсак, салык, бажы жана башка мамлекеттик көзөмөл кылуучу органдарга план коюшат. Планды аткаруу үчүн алар туура эле иш алып барып жаткан ишкерлерди кысымга алышат. Албетте, алар деле бюджетти толтуруу менен мамлекетке пайда алып келүү максатын көздөйт. Ошондой эле эгерде мамлекеттик органдар ишкерлерди сотко берсе, көп учурда чечим ишкердин пайдасына чечилбейт. Себеби соттор дагы мамлекеттик бюджетти толтурууга өбөлгө түзүшүбүз керек деген ниетте адилетсиз чечим чыгарып коюусу ыктымал. А чынында бул өлкөгө зыянын тийгизбей койбойт. Себеби ишкер банкрот болсо бюджетке эч кандай каражат төлөбөгөнү аз келгенсип, жумуш орундары дагы азаят. Ошондуктан экономиканы көтөрүү үчүн бизнес тармагында соттор адилеттүү иш алып баруусу зарыл", — деди Акимова.
Экономист жергиликтүү ишканаларды сактап калууга бардык мамлекеттик органдар кам көрүшү керектигин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0