08:28 26 Үчтүн айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7911
  • EUR103.2162
  • RUB1.1327

Кадыркулова: үшүк алган терини майлап, спирт же кар менен сүртүүгө болбойт

Радио
Кыскача шилтеме алуу
42810

Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун ден соолукту чыңдоо адиси Перизат Кадыркулова дененин үшүк алганы байкалганда дароо жылуу жерге кирип чай ичип, оронуп жылынуу керектигин айтты.

Кадыркулова: үшүк алган терини майлап, спирт же кар менен сүртүүгө болбойт

Үшүк алган терини майлап, ысытуу үчүн спирт же кар менен сүрткөнгө, өтө оор стадияда болсо жылытуу үчүн ушалоого болбойт. Колу-бутту ысык сууга салганга да аракет кылбаңыздар. Адамга спирт ичимдигин берүү таптакыр сунушталбайт. Бул тууралуу Перизат Кадыркулова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, суукта үшүп баратканда улам жылуу бөлмөгө кирип жылынып туруу керек.

"Үшүк — бул төмөнкү температурада дененин ткандарынын бузулушу. Аны айлана-чөйрөнүн нөлдүк температурасында деле байкаса болот. Биринчи кезекте дененин жетишсиз деңгээлде корголгон бөлүктөрү: кулак, мурун, бет, кол, бутту үшүк алып кетет. Суукта организмдин температурасынын төмөндөшү менен дененин жалпы гипотермиясы критикалык көрсөткүчтөргө чейин жетет. Терморегуляциянын натыйжалуулугун төмөндөтүүчү жана үшүктүн пайда болушуна өбөлгө түзүүчү тобокелдик факторлорго шамал, жогорку нымдуулук, жеңил кийинүү, микроциркуляциянын бузулушу же тар бут кийим, узак убакытка чейин кыймылсыздык кирет. Суукка кабылууда эң чоң коркунучта мас абалдагы адамдар болот. Алар колу-бутунун тоңгонун сезбей үшүккө алдырып жиберишет. Үшүк жеңил, орто жана оор стадияларга бөлүнөт. Биринчисинде ички органдардын температурасы 35 градустан төмөндөп, дем алуу, жүрөктү согушу начарлап, каз териси пайда болот. Экинчисинде ички органдардын температурасы 30га чейин түшөт. Мында туюп-сезүү, ой жүгүртүү начарлайт. Мимика, рефлекс таптакыр төмөндөп, тери кубарып кетет. Ал эми оор стадиясында адам конвульсиялык абалда болот. Денеси карышат, булчуңдар ишке келбейт. Ыйлаакча пайда болуп, тери шишип, ал тургай теринин жансыз болуп калуу коркунучу бар. Бул учурда хирургиялык жардам берилет", — деди Кадыркулова.

Адис балдардын жана улгайган адамдардын терморегуляциясы төмөн болорун жана аларга кыш чилдесинде сыртта 20 мүнөттөн ашык убакыт жүрбөөнү сунуштады.

Тема боюнча

Казакстанда койдун тоңуп өлгөн видеосу соцтармакка тарады
Белгилер:
дене, үшүк

ЭҢ МААНИЛҮҮ