13:14 15 Теке 2020
Түз эфир
  • USD77.5098
  • EUR87.9814
  • RUB1.0897

Бекматов: парламенттик шайлоо качан өтөрү бир жума ичинде такталат

Радио
Кыскача шилтеме алуу
128 0 0

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов парламенттик шайлоо мыйзам боюнча иштеп жаткан чакырылыштын мөөнөтү бүткөн жылдын октябрь айында өткөрүлүшү керектигин айтты.

Бекматов: парламенттик шайлоо качан өтөрү бир жума ичинде такталат

Мыйзамда Жогорку Кеңешке өтүүчү шайлоонун убактысы так көрсөтүлгөн. Ага ылайык, иштеп жаткан чакырылыштын мөөнөтү бүткөн жылдын октябрь айынын биринчи жекшембисине белгиленет. Быйыл бул күн 4-октябрга туура келет. Бул тууралуу Абдыжапар Бекматов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда парламенттин VII чакырылышын шайлоо мөөнөтү пандемиядан улам жылдырылар-жылдырылбасы белгисиз.

"Мыйзам боюнча шайлоо иштеп жаткан чакырылыштын мөөнөтү бүткөн жылдын октябрь айына белгиленет. Бул себептен быйыл 4-октябрда VII чакырылышка шайлоо өтүшү керек. Бирок "коронавирус пандемиясына байланыштуу анын мөөнөтү жылып кетиши мүмкүнбү?" деген суроо жаралууда. Бул президенттин чечимине ылайык болот. Анткени шайлоону өз убагында өткөрүү же жылдыруу боюнча атайын документ даярдалып, ал өлкө башчысына жиберилген. Президент бул документке 6-июлга чейин кол коюшу зарыл. Алдыда дагы бир жумадай убакыт бар. Ошондон кийин гана быйыл өтүүчү парламенттик шайлоонун так мөөнөтү белгилүү болот", — деди Бекматов.

Аткаминер шайлоо мыйзамда көрсөтүлгөн убактысында өтө турган болсо, бардык санитардык эрежелер сактала тургандыгын кошумчалады.

Тема боюнча

Бекматов: убактылуу каттоого тургандар ал жерде шайлоого катыша албайт
Белгилер:
коронавирус, парламент, шайлоо, Абдыжапар Бекматов

ЭҢ МААНИЛҮҮ