12:38 30 Бугу 2020
Түз эфир
  • USD73.7678
  • EUR82.0114
  • RUB1.0426

Ибрагимов: бир адамга маалымат жеткирүүчү ММК болсо да уруксат алышы керек

Радио
Кыскача шилтеме алуу
43 0 0

Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Маалымат жана массалык коммуникациялар департаментинин жетекчисинин орун басары Бектур Ибрагимов мамлекеттик ММКлардын саясатын аталган департамент жүргүзөрүн айтты.

Ибрагимов: бир адамга маалымат жеткирүүчү ММК болсо да уруксат алышы керек

Өлкөдө учурда 40тай радиостанция иштейт. Алардын 10у мамлекеттик болсо, калганы жеке менчик радиолор. Бул тууралуу Бектур Ибрагимов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып биллдирди.

Анын айтымында, учурда республикада 29 жергиликтүү, 11 эл аралык радио өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет.

"2014-жылы Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдында Маалымат жана массалык коммуникациялар департаменти түзүлүп, 2017-жылы атайын радиолор тууралуу мыйзам иштелип чыккан. Мурда алар Байланыш комитетинен сигналга уруксат алып эле иштей беришсе, эми департаменттен да обого чыгуу боюнча уруксатка ээ болушу керек. Департамент өз кезегинде радиостанциянын аудиториясы кимдер, кайсы чөлкөмдө тартат, чыгарган продукциялары өзүнө эмнени камтыйт, канча убакыт обого чыгат, кайсы тилдерде сүйлөйт, мына ушуларды тескейт. Муну билбеген да радио жетекчилери көп. Алар көбүнесе "мен бир районго эле чыгам же облустук деңгээлдеги эле радио, эмнеге уруксат алам?" деп сурашат. Мыйзамга ылайык, эгер радио, телеканал же гезит, журнал ачып, аны каттатып, максатың бир кишиге маалымат жеткирүү болсо да департаменттен уруксат алынышы керек. Азыркы учурда өлкөдө толугу менен мындай талаптарга жооп берген 40тай радиостанция иштеп жатат", — деди Ибрагимов.

Ал ошол эле убакта ММКлардын рекламалык ишмердүүлүгүн Монополияны жөнгө салуу агенттиги тескей тургандыгын кошумчалады.

Тема боюнча

Шеримкулов: Конституциянын концепциясы тууралуу жарым жыл талкуу жүргөн
Белгилер:
мыйзам, саясат, радио

ЭҢ МААНИЛҮҮ