Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жаманкулов: "Өлбөс полкко" 10 миңден ашуун киши катышары күтүлүүдө

© Sputnik / Бакыт СмаиловМаданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов
Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов онлайн өтчү "Өлбөс полк" акциясына катышуу үчүн эмнелерди кылуу керектигин айтты.
Жаманкулов: "Өлбөс полкко" 10 миңден ашуун киши катышары күтүлүүдө

"Өлбөс полк" онлайн акциясына 10 миңден ашык адам катышары болжолдонууда. Бул тууралуу Азамат Жаманкулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, быйыл карантинге байланыштуу иш-чараны онлайн өткөрүү чечими кабыл алынган.

"Өлбөс полк" акциясынын негизги максаты — ардагерлердин сүрөтү менен чыгып, алардын эрдигин даңктоо. Ошол иштердин баарын бүгүнкү күндө онлайн-аянтчаларда жүргүзөлү деген сунуштар айтылды. Бул үчүн атайын www.pobeda.srs.kg электрондук порталы түзүлгөн. Ошонун ичинде "Өлбөс полктун" баракчасында кайрылуу формалары бар. Ага кирип ардагер жөнүндө кыскача маалымат калтырып, сүрөттөрүн жүктөп жөнөтсө болот. Мындан тышкары, Facebook тармагындагы "Өлбөс полк Кыргызстан" баракчасына дагы келген маалыматтар жарыяланып турат. Ошол жактардагы маалыматтар алынып, ЖМКлар тарабынан чагылдырылууда. Муну менен бирге эле социалдык тармактарда атасынын же чоң атасынын эрдигин айтып, ыр окуп берип #ӨлбөсполкКыргызстан деген жалпы хештекти колдонуп акцияга катышса болот. Учурда акцияга катышуу үчүн катталгандардын саны үч миңден ашты. Алдыдагы күндөрдө 10 миңден ашат деп жатабыз", — деди Жаманкулов.

Министр  "Өлбөс полк" онлайн-акциясынан тышкары Жеңиштин 75 жылдыгына карата концерт телеканалдар аркылуу көрсөтүлүп, сүрөт көргөзмө жана поэтикалык чыгармалар онлайн тартуулана турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0