Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жекшенкулов: Россиядан бюджетке грант тартуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө

© Sputnik / Исмаил МамытовКыргызстандын Россия Федерациясындагы элчиси Аликбек Жекшенкулов. Архив
Кыргызстандын Россия Федерациясындагы элчиси Аликбек Жекшенкулов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын Россия Федерациясындагы элчиси Аликбек Жекшенкулов пандемия учурунда Россиядан өлкөгө 19 "Жүк-200" жөнөтүлгөндүгүн айтты.
Жекшенкулов: Россиядан бюджетке грант тартуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө

Россиядан Кыргызстанга пандемия учурунда 6000дей мекендешибиз самолет менен жеткирилди. Бул тууралуу Аликбек Жекшенкулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, учурда РФтен КРдин бюджетине грант тартуу маселеси каралып жатат.

"COVID-19га байланыштуу бардык өлкөлөр чек араларын жаап алганына карабай, сүйлөшүүлөрдүн негизинде 6000дей кыргызстандык учак менен мекенге жеткирилди. Мындан сырткары, бул аралыкта 19 "Жүк-200дү" автомашина менен болсо да жеткирүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ошону менен катар эле республикага 56 миң тест-реогенттерди Россия тарап жардам катары жиберди. Азыр эми май, буудайды жардам иретинде алуу боюнча макулдашуулар жүрүп жатат. Айтор, Россия коронавируска байланыштуу Кыргызстанга биринчилерден болуп кол сунуп, ар тараптуу көмөк көрсөткөн өлкө болуп калды", — деди Жекшенкулов.

Ал элчиликтин алдында 17-мартта штаб түзүлгөндүгүн, ошондон бери Россиядагы кыргызстандыктар менен тыгыз байланышта иштеп жатышкандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0