Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Бакетаев: алтынга басым жасап экономикалык каатчылыктын алдын алса болот

© Sputnik / Табылды КадырбековСаясий серепчи Бакыт Бакетаев
Саясий серепчи Бакыт Бакетаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саясий серепчи Бакыт Бакетаев пандемиядан кийин ЕАЭБ мамлекеттери өз ара мамилелерин бекемдейт деген пикирин билдирди.
Бакетаев: алтынга басым жасап экономикалык каатчылыктын алдын алса болот

Коронавирус пандемиясынан соң бардык мамлекеттерди эле экономикалык таңсыктык күтөрү белгилүү болуп калды. Кыргызстан өз учурунда бул абалдан алтынга басым жасоо менен чыкса болот. Мындай пикирин Бакыт Бакетаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, пандемия учурунда Россиянын Кыргызстанды ар тараптан колдоору анык. Мындан сырткары, өлкө Европа мамлекеттерине эмес, Кытайга кайрылып жардам сураганы жөндүү.

"Кытайдын бул ооруну жеңүүдө тажрыйбасы чоң жана экономикасы да бай. Азыр коронавирустан Европа мамлекеттери өзгөчө жабыр тартып, керек болсо бири-бирине көмөктөшө албай калышты. Мындай кыйын кырдаалда өнүгүп келе жаткан Кыргызстан сыяктуу өлкөлөргө кыйын болот. Албетте, Россия мурдагыдай эле биздин республиканы бардык тарабынан колдойт. Ошону менен бирге эле пандемиядан чыгуу үчүн ЕАЭБ мамлекеттеринин ортосунда да алгылыктуу экономикалык, саясий иштер башталат. Товар жүгүртүүнүн көлөмү көбөйөт. Ошентсе да биздин өкмөттүн алдыда күтүп жаткан каржы таңсыктыгынан чыгуучу жакшы бир жолу бар. Азыр дүйнөлүк биржаларга байкоо салсак, алтындын баасы акырындап көтөрүлүп жатканын көрүүгө болот. Мындай көрүнүш жок эле дегенде жаңы жылга чейин уланат. Демек биздин өкмөт алтын өндүрүшүнө басым жасоо менен экономикалык каатчылыктан жеңил чыгып кетүү мүмкүнчүлүгү бар", — деди Бакетаев.

Ошондой эле ал өкмөт чечкиндүү кадамдарды ыкчам жасашы зарыл экендигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0