Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Ташиев: жерди биогумус менен семиртсе продукциясы таза болот

© Sputnik / Табылды КадырбековБорбор Азия багбандары биримдигинин жетекчиси Абдулла Ташиев. Архив
Борбор Азия багбандары биримдигинин жетекчиси Абдулла Ташиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбор Азия багбандары биримдигинин жетекчиси Абдулла Ташиев химиялык заттарды колдонбой, биологиялык семирткичтер менен деле мол түшүм алууга болорун айтты.
Ташиев: жерди биогумус менен семиртсе продукциясы таза болот

Дыйкандар сөөлжан менен жерди семиртсе, продукциясы органикалык жактан таза болот. Аны экспортко чыгаруу үчүн лабораториядан текшергенде көйгөй жаралбайт. Ошондой эле сөөлжандын биогумусу менен багылган жер дайыма жакшы түшүм берет. Бул тууралуу Абдулла Ташиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, химиялык жер семирткич менен багылган продукция адамдын ден соолугуна зыян.

"Химиялык жер семирткичтерди эч качан колдонбош керек. Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда учурда чоң лаборатория курулуп жатат. Анда өстүрүлгөн продукцияны текшергенде нитраты бир шкала жогору болсо, же тыюу салынган препараттар курамынан чыгып калса чек арадан өткөрүлбөйт. Натыйжада экспортко чыгаруу мүмкүндүгү жок болуп, дыйкандар пайдадан кол жууп, ал тургай зыянга учурашы ыктымал. Ошондуктан илгерки ата-бабаларыбыз колдонгон ыкмага өтүү зарылдыгы келип чыкты. Чиринди, компост же болбосо сөөлжанга өтүш керек. Дүйнөдө азыр старатель жана колифорниялык болуп, эки сөөлжан жакшы натыйжа берет. Бир килограмм сөөлжан күнүнө бир кило кык жеп, 600 грамм биогумус чыгарат. Анда тийиштүү болгон заттардын баары бар. Көп жылдан бери азот колдонулуп, бузулган жерге жети тонна биогумус төксө, өз калыбына келе баштайт. Кийинки жылы үч, андан кийин эки, анан төртүнчү жылы бир тонна биогумус төксө, жер дайыма түшүм бере тургандай мыкты калыбына келет", — деди Ташиев.

Багбан биогумус менен өстүрүлүп алынган таза жер-жемиш, мөмө-жемиштерди курттарынан арылтуу үчүн Органикалык департамент тарабынан уруксат берилген заттарды колдонуу керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0