15:10 26 Бирдин айы 2020
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR75.8850
  • RUB1.0759

Бекматов: убактылуу каттоого тургандар ал жерде шайлоого катыша албайт

Радио
Кыскача шилтеме алуу
68 0 0

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоого даярдыктар өз нугунда жүрүп жаткандыгын айтты.

Жергиликтүү кеңешке эл өкүлдөрүн шайлоого ошол жердин туруктуу жашоочулары гана катыша алат. Бул мыйзамда так көрсөтүлгөн. Ал эми убактылуу каттоого тургандар добуш бере албайт. Бул тууралуу Абдыжапар Бекматов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, 2020-жылдын 12-апрелинде 25 айылдык кеңеш, беш шаардык кеңеште мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөт аяктагандыгына байланыштуу шайлоо өтөт.

"Жергиликтүү кеңешке шайлоо өтүүчү айрым шаарларда калктын саны кескин көтөрүлүп жаткандыгы тууралуу маалыматты биз дагы медиа булактардан, социалдык тармактардан алдык. Ошого байланыштуу Башкы прокуратуранын, УКМКнын, ИИМдин, Мамлекеттик каттоо кызматынын, Кыймылсыз мүлктү каттоо департаментинин жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу бийлик өкүлдөрүнүн катышуусу менен 13-февралда кеңешме өткөрдүк. Тиешелүү органдарга төрт күн убакыт берилди. Алар аталган мөөнөттө иликтөө, тактоо иштерин жүргүзөт. 17-февраль күнү кайрадан жыйынга чогулуп, калк арасында айтылып жаткан бул маалыматтын чын-төгүнү белгилүү болот", — деди Бекматов.

Ал убактылуу каттоого тургандар, жатаканага катталган студенттер жана аскердик бөлүктөрдө каттоосу жылдырылып жаткан жоокерлер же аскер кызматкерлери ошол жаңы катталган жериндеги шайлоочулардын тизмесине кирбей тургандыгын кошумчалады.

Тема боюнча

Аманжолова: бийликти күч менен басып алган киши жарандыгынан ажырашы мүмкүн
Белгилер:
Жергиликтүү кеңештерге шайлоолор, мыйзам, шайлоо, Абдыжапар Бегматов

ЭҢ МААНИЛҮҮ