Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мукамбетов: эрте пенсияга чыгуу мыйзамына үч багытта өзгөртүүлөр сунушталды

© Sputnik / Табылды КадырбековНачальник Управления по внешним связям Соцфонда КР Женишбек Мукамбетов
Начальник Управления по внешним связям Соцфонда КР Женишбек Мукамбетов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик социалдык фонддун маалымат кызматынын жетекчиси Жеңишбек Мукамбетов мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгуу мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча үч багытта иш алып баруу керектигин айтты.
Мукамбетов: эрте пенсияга чыгуу мыйзамына үч багытта өзгөртүүлөр сунушталды

Ар кандай себептерден улам пенсияга жылына 12-14 миң адам мыйзамда көрсөтүлгөн жалпы курактан эрте чыгат. Мына ушул эрежеге өзгөртүү киргизүү сунушу үч чоң багытты өзүнө камтымай болду. Бул тууралуу Жеңишбек Мукамбетов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган демилгенин тегерегинде коомдук угуулар, талкуулар алдыда көп өткөрүлөт.

"Мөөнөтүнөн эрте пенсияга чыгуу мыйзамына өзгөртүү киргизүүнү депутаттар сунуштап, 2019-жылдын жай айларында атайын жумушчу топ түзүлгөн. Бул топтун эл менен болгон жолугушууларынан кийин ишти чоң үч багытка бөлүп алып баштоо зарылдыгы айкын болду. Биринчиден, камсыздандыруу принциптери менен пенсия алгандар үчүн тариф саясатын өзгөртүү. Экинчиден, топтомо бөлүктүн ишин дагы да алдыга жылдыруу, жарандар арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү менен элди кызыкдар кылуу. Үчүнчү маселе аскер тутумунун пенсияга чыгуу жаш курагын карап чыгуу, Бажы кызматы сыяктуу айрым тармактардан бул жеңилдиктерди алып салуу. Бирок бул азырынча сунуш гана болгондуктан так ушундай жол менен иш алып барабыз деп кесе айтууга болбойт", — деди Мукамбетов.

Ал ошондой эле аталган мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилсе, соттордун пенсиясына да таасири тиерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0