Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Дарыгер: коронавируска караганда сасык тумоодон көз жумгандар көп

© Sputnik / Табылды КадырбековПресс-конференция "Санэпиднадзор об отравлениях и о заражениях в летний период"
Пресс-конференция Санэпиднадзор об отравлениях и о заражениях в летний период - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын дарыгери Нургүл Молдалиева коронавирус башка респиратордук вирустук оорулардан эч айырмаланбай турганын айтты.
Дарыгер: коронавируска караганда сасык тумоодон көз жумгандар көп

Дүйнөлүк статистикага ылайык, коронавируска салыштырмалуу сасык тумоодон көз жумгандардын саны көп. Бул тууралуу Нургүл Молдалиева Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасына маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, буга чейин коронавирустун алты түрү аныкталган. Ал эми учурдагы Кытайдын Ухань шаарынан тарап, дүйнөлүк коомчулукту дүрбөлөңгө салып жаткан илдет аталган вирустун жетинчи, жаңы тибине кирет. Бирок андан бүгүнкү күндөгүдөй өтө катуу чочулап, ашыкча ызы-чуу чыгаруунун кереги жок.

"Бүгүнкү күндөгү дүйнөлүк коомчулукту дүрбөлөңгө салып жаткан коронавирус — респиратордук вирустук оорулардын эле бир түрү. Ал инфекциялык башка илдеттерден көп деле айырмаланбайт. Болгону учурдагы Кытайдын Ухань шаарынан тарап жаткан коронавирус  аталган оорунун жетинчи, жаңы түрү болуп жатат. Аны айыктыруунун жолун табуу үчүн убакыт менен тийиштүү изилдөөлөр талап кылынууда. Бирок бул вирусту учурдагыдай дүйнөдөгү өтө чоң коркунуч катары жар салып, ашыкча ызы-чуу кылуунун кереги жок. Анткени ал сасык тумоого окшогон эле илдет. Эгер дүйнөлүк статистиканы алып карай турган болсок, коронавируска салыштырмалуу сасык тумоодон көз жумгандардын саны көп болуп чыгат. Мындан улам эгер адам өздүк гигиенаны сактап, иммунитетин түшүрүп жибербей өз калыбында кармаса, аталган оорудан оолак болот. Ошондой эле эпидемия жүрүп жатканда эл көп чогулган жерлерге баруудан баш тартып, сөзсүз түрдө бет кап кийип жүрүү зарыл. Мындан сырткары, сырттан үйгө келгенде колду таза жууп, бөлмөлөрдү желдетип, нымдуу чүпүрөк менен үй ичин тазалап турса бардык респиратордук вирустук оорулардан, анын ичинде коронавирустан да сактанууга болот", — деди Молдалиева.

Дарыгер бүгүнкү күндө коронавирус менен ооруган бейтаптар Кыргызстанда жок экенин айтып, бирок бул илдет кооптуу топко кирген адамдарга жана улгайган кишилерге өтө коркунучтуу экенин, аларды дыкат көзөмөлгө алуу керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0