Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Карашев: жаңы жылдык жардыруучу заттардын баары Кытайдан келет

© Sputnik / Табылды КадырбековБажы кызматынын төрагасынын орун басары Замирбек Карашев
Бажы кызматынын төрагасынын орун басары Замирбек Карашев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бажы кызматынын төрагасынын орун басары Замирбек Карашев товардын бул түрүнөн мамлекеттик казынага 32 миллион сом түшкөнүн айтты.
Карашев: жаңы жылдык жардыруучу заттардын баары Кытайдан келет

Жыл башынан бери Кыргызстанга 1400 тоннадан ашуун фейерверк алып келинген. Бул тууралуу Замирбек Карашев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жардыруучу каражаттардан бир жыл ичинде 32 миллион сомдон ашыгыраак бажы төлөмү алынган.

"Фейерверктердин бардыгы Кытай өлкөсүнөн алып келинет. Жыл башынан бери 1400 тонна түрдүү жардыруучу заттар кирген. Алар бир гана жаңы жылдык майрам алдында эмес, жыл бою келип турат. Коопсуздугун текшерүүдө келе жаткан товарлардын тизмеси жазылган документтер алдын ала Бажы кызматына жиберилет. Биз аларга эки сааттан кем эмес, 30 күндөн кеч болбогон убакыт аралыгында жооп беришибиз керек. Ушул текшерүү учурунда арасында тыюу салынган заттардын бар-жогу каралат. Фейерверктер 3604 товардык код менен кирип, андан 6,5 пайыз мамлекеттик пошлина жана 12 пайыз кошумча нарк салыгы алынат. 2019-жыл аралыгында товардын бул түрүнөн мамлекеттик казынага 32 миллион сом каражат түштү", — деди Карашев.

Ал жаңы жылдык жардыруучу заттарды Кыргызстанга алып келүүгө уруксат кагаздарын Экономика министрлиги берерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0