Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Талантбеков: сынакта 90го жакын манасчы күчүн сынады

© Sputnik / Эркин Садыков"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков
Көйкашка коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин демилгеси менен Бишкек шаарында манасчылардын республикалык кароо-сынагы өтүп жатканын айтты.
Талантбеков: сынакта 90го жакын манасчы күчүн сынады

Манасчылардын мамлекеттик деңгээлдеги сынагына өлкөнүн бардык аймактарынан 90го жакын катышуучу келип, мыктылары аныкталды. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган конкурсту Билим берүү жана илим министрлиги да колдоого алып, окуучулар арасында да сынак өткөрүүгө көмөк көрсөткөн.

"Манасчылардын мамлекеттик деңгээлдеги кароо-сынактары көптөн бери өткөрүлбөй келген. Бул жылы Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин демилгеси менен Бишкекте республикалык конкурс уюштурулуп жатат. Аталган мекеме тарабынан иш-чаранын байге фондуна 38 миң сом бөлүндү. Ошондой эле Билим берүү жана илим министрлиги да колдоо көрсөтүп, окуучулар арасында өткөн кароо-сынактын жеңүүчүлөрүнө сыйлык катары үч планшет бермей болду. Конкурска 20 жаштан 30 жашка чейинки 90го жакын манасчы келди. Алар шарт боюнча билет тартып, эпостун ар кайсы жеринен манасты улап айтышты. Ал эми 10 жаштан 20 жашка чейинки манасчыларга эркин тема берилген. Ошондой эле КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия да көмөк көрсөтүп, катышуучуларга кызыктыруучу белектерин берди", — деди Талантбеков.

Манасчы сынак 4-декабрда жыйынтыкталарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0