19:29 11 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.4252
  • RUB1.0989
Медицина илимдеринин доктору, профессор, уролог Жаныбек Мамбетов
© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Мамбетов: урология — медицинанын математикасы

Радио
Кыскача шилтеме алуу
56 0 0

Медицина илимдеринин доктору, профессор, уролог Жаныбек Мамбетов диагнозду туура коюу өтө маанилүү экенин айтты.

Кыргызстандын дарыгерлери абдан күчтүү. Бир гана шарттар түзүлүп, мамлекеттик ооруканалар акыркы чыгып жаткан техникалар менен жабдылса, чет өлкөгө чыгып дарылануунун деле кереги жок болот. Бул тууралуу Жаныбек Мамбетов Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, диагнозду туура коюу бул оорунун жарымын айыктыруу болуп эсептелет.

"Негизи урологияны медицинанын математикасы деп коёбуз. Бир ооруну аныктоо үчүн ультраүн, рентген, томография жана башка көп текшерүүдөн өткөрүлөт. Ошондуктан бизде диагноз коюуда жаңылыштык аз болот. Учурда бул багытта техниканын жардамы менен чет өлкөдө дарылоо бир топ жеңил. Бирок республикада деле, өзгөчө жеке ооруканаларга жаңы жабдыктар алып келинип жатат. Мисалы, жакында эле Нарынга барып эндоскопиялык операция жасап келдим. Улгайган адамдын табарсыгынын артында жайгашкан бези өсүп кеткен экен, плазма чыңалуусу менен алып салдык. Үч күндө үйүнө чыгып кетти. Керек болсо аппендицит мынчалык тез айыкпайт", — деди Мамбетов.

Дарыгер суук аба ырайы урологиялык ооруларды козгой турганын кошумчалады.

Тема боюнча

Мамбетов: суукта баш менен бутту жылуу кармоо керек
Белгилер:
диагноз, Жаныбек Мамбетов

ЭҢ МААНИЛҮҮ