Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Ниязов: Сүймөнкул Чокморов мыкты пародист да болчу

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү куудул Келдибек Ниязов. Архив
Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү куудул Келдибек Ниязов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү куудул Келдибек Ниязов Сүймөнкул Чокморов ооруп турганында да театрга спектакль көргөнү келгенин эскерди.
Ниязов: Сүймөнкул Чокморов мыкты пародист да болчу

Сүймөнкул Чокморов сүрөтчү, актёр, спортчу эле эмес, мыкты пародист да эле. Бул тууралуу Келдибек Ниязов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, белгилүү сүрөтчү өлкөнүн волейбол боюнча курама командасында ойногонунан сырткары, ат оюндарын да мыкты өздөштүргөн.

"Сүймөнкул Чокморовду Сүкө дечү элек. Ал көп кырдуу талант эле. Төлөмүш Океев, Болот Шамшиев, Чыңгыз Айтматов, Таттыбүбү Турсунбаеваларды туурап баарыбызды күлдүрчү. Бирөөнүн сүйлөгөнүн туураганда үнү ошол адамдын эле өзүндөй болуп калчу. Ал Асанкул Шаршенов менен өтө жакын эле. Байке деп ал кишини жакшы көрчү. Ооруп, аппаратын көкүрөгүнө көтөрүп жүргөнүнө карабай Шаршенов ойногон "Бегай" спектаклине келген. Ар жарым саатта төшөккө жатып же жай басып калган киши бир саат 40 мүнөт, оюн бүткөнчө отуруп көргөнү эсимде. Соңунда сахнага чыгып, "күлкү  - ден соолуктун мүлкү" экенине өзүнүн мисалында ишенгенин айтып, бизди катуу кубаттады эле", — деди Ниязов.

Ал ошондой эле Сүймөнкул Чокморов комуз чертип, обон созгон мыкты аткаруучу болгонун да кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0