07:38 20 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.3240
  • RUB1.0953
Муса Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театрынын директору Болотбек Куланбаев
© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Куланбаев: балдардын театрга баруусуна ата-энелер өздөрү каршы

Радио
Кыскача шилтеме алуу
20 0 0

Муса Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театрынын директору Болотбек Куланбаев уюштуруу иштерине байланыштуу айрым мүчүлүштүктөрдөн улам жаш көрүүчүлөрдү театрга тартуу кыйын болуп жатканын айтты.

Акыркы тапта балдардын театрга баруусуна ата-энелер өздөрү каршы чыгып жаткан учурлар да бар. Бул тууралуу Болотбек Куланбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, балдарды мажбурлап театрларга алып барып жатышат деп нааразы болгон ата-энелердин саны үстүбүздөгү жылдын март айынан тарта өсө баштады.

"Акыркы тапта айрым ата-энелер балдарынын театрга баруусуна өздөрү каршы чыгып жатканын билдик. Жүйө катары каражаттын тартыштыгын айтышат экен. Негизи көп эле театрлардын билеттери 100 сомдон ашпайт, ал эми куурчак театрыныкы 50 гана сом. Муну кымбат деп айтууга кыйын. Ошондой эле кээ бир мектеп жана бала бакчалар жеке театрлардын кызматына өтүп алышыптыр. Ал жакта мугалимдердин өздөрүнүн кызыкчылыгы бар деп айтылып келет. Белгилей кетчү жагдай, мамлекеттик театрларда профессионалдар иш алып барып, сапаттуу кызмат көрсөтүшөт. Ал эми жеке театрларда кесипкөй артисттер саналуу гана. Маселени жогору жактан чечиш керек. Билим берүү жана илим министрлиги менен Маданият, маалымат жана туризм министрлиги чогуу иш алып барып, балдардын бир жылдык абонемент алуусуна шарт түзүлсө, алар бир жыл бою театрга бара алышмак ", — деди Куланбаев.

Ошондой эле ал болжолдуу эсеп боюнча балдардын театрларга акысыз кирүүсүнө мүмкүнчүлүк берген бир жылдык абонементтин баасы 1000 сом болорун кошумчалады.

Тема боюнча

Жанжигит уулу: маданият тармагына олуттуу реформа керек
Белгилер:
ата-эне, балдар, театр

ЭҢ МААНИЛҮҮ