Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Апсеметов: жыл аягына чейин эки веложол ишке берилет

© Sputnik / Табылды КадырбековРуководитель "Бишкекасфальтсервиса" Айдар Апсеметов
Руководитель Бишкекасфальтсервиса Айдар Апсеметов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасынын башчысы Айдар Апсеметов борбор калаанын тургундарын сергек жашоого үндөө жана аны менен бирге шаардагы жол тыгындарын азайтуу максатында веложолдор курулуп жатканын айтты.
Апсеметов: жыл аягына чейин эки веложол ишке берилет

Жыл аягына чейин эки веложол курулуп, ишке берилет. Бул тууралуу Айдар Апсеметов Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди. 

Анын айтымында, учурда веложолдордун курулуш иштеринин 50 пайызы аяктап калды.

"Үстүбүздөгү жылдын 29-августунда Түштүк магистралдан Семетей көчөсүнө чейин жана андан ары Чыңгыз Айтматов проспектисине дейре, ылдый жагынан Кылыч Рысмендиев көчөсүн кошуп эки веложолдун курулушун баштаганбыз. Биринчи жолдун узундугу 3700 метрди түзсө, экинчисиники 3000 метр. Бул веложолдор жөө адамдар өтө турган тротуарларга бириктирилген, туурасы 4,5 метрди түзөт. План боюнча жолдорго отургучтар орнотулуп, жарыктандырылат. Азыркы тапта биринчи веложолдун курулушу дээрлик 20 пайызга аяктап калды. Ал эми экинчиси 50 пайызга даяр болду. Жыл аягына чейин аталган эки веложолду тең колдонууга беребиз", — деди Апсеметов.

Ошондой эле ал эмдиги жылы 7-Апрель көчөсүнө Чүй проспектисинен тарта Кийизбаева көчөсүнө чейин узундугу 890 метрге жеткен веложолду куруу планы алдыга коюлуп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0