19:20 22 Үчтүн айы 2020
Түз эфир
  • USD69.7407
  • EUR77.2797
  • RUB1.1279

Кубанов: германиялык колледж Кыргызстанга 13 бюджеттик орун берди

Радио
Кыскача шилтеме алуу
415 0 0

Республикалык жаштар конгрессинин жетекчиси жана тил борборунун негиздөөчүсү Нурсултан Кубанов чет мамлекеттеги окуу жайлар менен келишим түзүлүп жатканын айтты.

Тил билген жаштарды чет мамлекеттеги билим берүү мекемелери кабыл алууга даяр. Булардын катарына Германиядагы Alanus Hochschule колледжи да кирет. Бул тууралуу Нурсултан Кубанов Sputnik Кыргызстан радиосунун "Стимул" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган окуу жай медицина, психология, спорт жана башка тармактар боюнча билим берет.

"Биз приоритеттүү мамлекеттерден бюджеттик квота алуу, инвестиция тартуу жана башка ири долбоорлорду ишке ашыруу боюнча программа түзгөнбүз. Учурда ошол иштердин негизинде Германиянын беш-алты шаарына, Испания, Франция мамлекеттерине бардык. Командабыздын бир бөлүгү Чехия, Италияга барып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келишти. Бул өлкөлөрдөгү ЖОЖ өкүлдөрү менен жолугуп, Кыргызстандын студенттерин окууга жөнөтүү же биздин мамлекетке мектеп ачуу боюнча долбоорлорду сунуштадык. Жыйынтыгында Германиянын Мангейм шаарындагы Alanus Hochschule колледжи 13 бюджеттик квота берди. Булар 2020-жылдын январь айында Кыргызстанга келип, конкурс иретинде студенттерди тандашат. Бул окуу жайдын өзгөчөлүгү - көп тармактуу факультеттери бар. Ар бир студентке индивидуалдуу мамиле кылат да, үч жылдын ичинде мыкты адистерди даярдап чыгарат", — деди Кубанов.

Ал ошондой эле Испаниядагы футбол клубдарына Кыргызстандагы потенциалдуу жаш оюнчуларды жиберүү боюнча да сүйлөшүүлөр жүргөндүгүн кошумчалады.

Тема боюнча

Кубанов: онлайн-платформа орто бизнестин ишкерлери үчүн ыңгайлуу
Белгилер:
квота, билим, тил

ЭҢ МААНИЛҮҮ