Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Астанова: сасык тумоого каршы акысыз эмдөө жүрүп жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековСемейный врач Элмира Астанова
Семейный врач Элмира Астанова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үй-бүлөлүк дарыгер Элмира Астанова күз мезгили келип күн сууктаганда респиратордук оорулар күч ала баштарын айтты.
Астанова: сасык тумоого каршы акысыз эмдөө жүрүп жатат

Күз-кыш мезгилдеринде тумоолоп калбоо үчүн оорунун алдын алуу аракеттерин көрүп, колдон келсе сасык тумоого каршы эмдөөдөн өтүп коюш керек. Аталган процедура мамлекеттик ооруканаларда акысыз жүргүзүлөт. Бул тууралуу Элмира Астанова Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, сасык тумоого каршы эмдөө жеткинчектерге жана тобокелдик тобунда турган жарандарга биринчи кезекте жасалат.

"Учурда мамлекеттик ооруканаларда сасык тумоого каршы эмдөө жүрүп жатат. Бул — аталган оорунун алдын алуу аракеттеринин бири. Жарандар өздөрүнүн үй-бүлөлүк дарыгерине кайрылып, "гриппол" деген вакцинаны алса болот. Эмдөө акысыз, жаш балдар жана тобокел тобунда турган жарандар кезексиз тейленет. Бул жерде эскерте кетчү жагдай, вакцинаны алуудан мурун дарыгерлер менен кеңешүү зарыл. Анткени эмдөөдө колдонулган препарат баарына эле жарай бербейт, алардын саны да чектелүү. Ошол себептен алгач үй-бүлөлүк медицина борборлоруна кайрылып, ал жактан уруксат алгандан кийин гана эмдөөгө баруу керек", — деди дарыгер.

Ошондой эле сасык тумоо инфекциялык оору болгондуктан аны антибиотиктер менен дарылоо туура эместигин айтып, аталган препараттар бактериялык илдеттерге каршы колдонуларын кошумчалады.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0