14:09 13 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8469
  • EUR77.0062
  • RUB1.0939
Электр станциялары ААКнын гидротехникалык кызматынын жетекчисинин орун басары Жолдошбек Байызбеков
© Sputnik / Асель Акматалиева

Байызбеков: суунун көлөмү былтыркы жылдан 2 миллиард 200 кубга аз

Радио
Кыскача шилтеме алуу
41 0 0

"Электр станциялары" ААКнын гидротехникалык кызматынын жетекчисинин орун басары Жолдошбек Байызбеков учурда күз-кыш айларына даярдык график менен жүрүп жатканын айтты.

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү бүгүнкү күндө 16 миллиард 957 миллион кубду түзөт. Бул тууралуу Жолдошбек Байызбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган суу сактагычта суунун көлөмү былтыркы жылдан 2 миллиард 200 кубга аз.

"Учурда ремонт иштери аягына чыгайын деп калды. 1-октябрга чейин бардык жумуштарды бүтүрөбүз деп ойлойбуз. Суу маселесине келе турган болсок, бүгүнкү күндө Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 16 миллиард 957 кубду түзөт. Былтыр ушул күнү аталган ГЭСте суунун көлөмү 19 миллиард 170 миллион куб болчу. Жылытуу мезгилине чейин суунун көлөмүн 17 миллиард 200 миллион кубга чыгарабыз деген үмүттөбүз", — деди ал.

Байызбеков суунун көлөмү былтыркы жылдан аз экен деп кооптонуунун кереги жок экенин кошумчалады.

Тема боюнча

Токтогул суу сактагычында суу азбы? Энергетиктердин жообу
Белгилер:
Токтогул ГЭСи, кышка даярдык, суу сактагычы, Суу

ЭҢ МААНИЛҮҮ