22:36 11 Теке 2020
Түз эфир
  • USD77.8000
  • EUR87.8362
  • RUB1.0922

Сыдыков: Кыргызпатент ойлоп табуучуларды шыктандырчу сынак жарыялады

Радио
Кыскача шилтеме алуу
203 0 0

Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондусунун аткаруучу директору Улан Сыдыков Кыргызпатент республикалык "Мыкты инновациялык стартап"  сынагын жарыялаганын айтты.

Сыдыков: Кыргызпатент ойлоп табуучуларды шыктандырчу сынак жарыялады

Республикалык "Мыкты инновациялык стартап"  сынагынын башкы максаты — улуттук инновациялык экосистеманын өнүгүшүнө шарт түзүү, бул жааттагы көйгөйлөрдү комплекстүү чечүү, инновациялык ыкмаларды өнүктүрүү жана келечектүү стартап долбоорлорун ишке ашыруу. Бул тууралуу Улан Сыдыков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган сынак үстүбүздөгү жылдын август айынан тарта 2020-жылдын апрель айына чейин созулат.

"Кыргызпатенттин атайын иштелип чыккан жобосуна ылайык, инновациялык ишмердиктин инфраструктурасын өнүктүрүү, ойлоп табуучуларды шыктандыруу, келечектүү жаңы долбоорлорду аныктоо жана аларды өнүктүрүү максатында "Мыкты инновациялык стартап" сынагы жарыяланды. Ал августта башталып 2020-жылдын апрелинде жыйынтыкталат. Бул конкурста башка сынактардан айырмаланып, жаңы ачылыштарга патент талап кылынбайт. Ошол себептен иш-чарага бардык каалоочулар катыша берсе болот. Болгону сынакка катышуу үчүн арыз толтурулушу керек жана инновациялык стартап эч бир жерде кездешпей, өзүнүн оригиналдуулугу менен айырмаланып турушу зарыл ", — деди Сыдыков.

Ошондой эле ал аталган сынак тууралуу кенен маалыматты каалоочулар (0312) 68 04 71 телефон номери жана Кыргызпатенттин сайты аркылуу алса болорун кошумчалады.

Тема боюнча

Түлөбердиева: өлкөдөгү инновациялык ачылыштардын деңгээлин жаштар көтөрөт
Белгилер:
стартапер, Инновациялар, сынак, Кыргызпатент

ЭҢ МААНИЛҮҮ