15:06 17 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.0865
  • RUB1.0855
Улуттук илимдер академиясынын Тянь-Шань бийик тоолуу илимий борборунун гляциология лабораториясынын жетекчиси Бакытбек Эрменбаев. Архив
© Sputnik / Эркин Садыков

Эрменбаев: мөңгүлөргө мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулбай жатат

Радио
Кыскача шилтеме алуу
25 0 0

Улуттук илимдер академиясынын Тянь-Шань бийик тоолуу илимий борборунун гляциология лабораториясынын жетекчиси Бакытбек Эрменбаев мөңгүлөрдүн азайып жатышын коомчулук билиши зарыл деп эсептейт.

Мөңгүлөрдүн эрип азайып жатышы - табигый көрүнүш, бирок муну коомчулук билүүсү керек. Аны элге жеткирүүдө мамлекеттик деңгээлде иш жүргүзүлбөй жатат. Мындай пикирин Бакытбек Эрменбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө гляциолог кесибине бир дагы жогорку окуу жайы адистерди даярдабайт.

"Мөңгүлөрдүн эриши - табигый көрүнүш. Бирок анын өлкө үчүн канчалык деңгээлде маанилүүлүгүн коомчулук билбей жатат. Аларды коргоо, сактоо үчүн жашылдандыруу, сууну үнөмдүү пайдалануу сыяктуу майда көрүнгөнү менен маанилүү аракеттерге мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулуп, калкка түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп туруусу зарыл. Экинчи көйгөй - Кыргызстан мөңгүсү көп өлкө болгону менен бул багыттагы адистерди даярдаган бир дагы окуу жайы жок. Жогорку окуу жайлардын эч бири гляциология кесибине окутпайт. Мындан улам изилдөө иштеринде адистердин жоктугунан чет мамлекеттерге кайрылууга аргасызбыз", — деди Эрменбаев.

Окумуштуу элди ичүүчү сууну ыксыз пайдаланууну токтотууга, бак-дарактарды көбөйтүүгө чакырды.

Тема боюнча

Эрменбаев: Кыргызстандагы мөңгүлөр жыл сайын 8-9 метр артка чегинүүдө
Белгилер:
көйгөй, билим берүү, мамлекет, Мөңгү

ЭҢ МААНИЛҮҮ