13:58 21 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8317
  • EUR77.1501
  • RUB1.0937
Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев
© Sputnik / Асель Акматалиева

Иманалиев: комуз 3000 жыл мурда кытай падышасына белекке берилген

Радио
Кыскача шилтеме алуу
405 0 0

Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев 9-сентябрда комуз күнү белгиленерин айтты.

Республикада алгачкы жолу 9-сентябрда комуз күнү белгиленет. Саамалыктын алкагында толугу менен комуз күүлөрүнөн турган концерт, аспаптын көргөзмөсү, илимий конференция, мастер-класс өтүп жана атайын даярдалган даректүү тасма көрсөтүлөт. Бул тууралуу Кайрат Иманалиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, байыркы кытай жазма булактарынан мындан 3000 жыл мурун ошол учурдагы Тан империясынын падышасына кыргыз комузу белекке берилгендиги тууралуу маалыматтар табылган.

"Ал күнү улуттук филармонияда комуз күүлөрү гана жаңырган гала концерт өтөт. Ошондой эле улуттук аспаптын көргөзмөсү уюштурулуп, комуздун түрлөрү, анын тарыхы жана жасалышы тууралуу маалыматтар берилет. Андан сырткары, комуз чапкан усталардан мастер-класс тартууланат. Буга кошумча, даректүү тасма көрсөтөлү деп жатабыз. Ал фильмде аспаптын жаралуу тарыхы жана өзгөчөлүгү баяндалат. Мындан сырткары, Калый Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында атайын конференция өтөт. Анда окумуштуулар музыка таануучулар менен бирге мураска калган аспапты изилдеп, анын биз билбеген сырларын ачып, сактап калуу маселелерин талкуулашмакчы", — деди Иманалиев.

Аткаминер эмдиги жылдан тарта 9-сентябрь күнү салтанаттуу иш-чарадан сырткары салттуу түрдө комузчулардын кароо-сынагы өткөрүлүп турарын кошумчалады.

Эскерте кетсек, 29-июль күнү өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков комуз күнүн белгилөө боюнча Жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, эми жыл сайын 9-сентябрь комуз күнү катары белгиленмекчи.

Тема боюнча

Кыргызстанда эми комуз күнү белгиленет
Белгилер:
иш-чара, тарых, майрам, комуз, Кайрат Иманалиев

ЭҢ МААНИЛҮҮ